Германиянын канцлери Трамптын палестиналыктарды Газадан көчүрүү планын кабыл алынгыс деп атады

Германиянын канцлери Олаф Шольц АКШнын президенти Дональд Трамптын Газанын тургундарын араб өлкөлөрүнө көчүрүү сунушуна кескин реакция жасады.

“Кандайдыр бир көчүрүү пландары, газалыктарды Египетке же Иорданияга кууп жиберүү идеясы кабыл алынгыс”, – деди Шольц Берлинде Германиянын социал-демократиялык партиясынын шайлоо алдындагы иш-чарасында.

Канцлер дагы бир жолу Израил менен Палестинанын ортосундагы чыр-чатакты эки мамлекет жолу менен чечүүгө чакырды.

“Палестинанын улуттук администрациясы Газа тилкеси үчүн жоопкерчиликти алаары анык болушу керек”, – деди канцлер.

АКШнын президенти Дональд Трамп 25-январда Израилдин аскерий операцияларынын натыйжасында үй-жайынан ажыраган Газа тилкесинин тургундарын араб өлкөлөрүнө т.а. Египет менен Иорданияга жайгаштыруу планын сунуштаган.  Анын айтымында, сөз Газа тилкесинин сыртына көчүрүлүшү керек болгон 1,5 миллион адам жөнүндө болуп жатат. Трамп бул маселени Иорданиянын падышасы Абдулла II менен буга чейин талкуулаганын кошумчалаган.

Бул убактылуу же узак мөөнөттүү планбы деген суроого АКШ президенти: «Экөө тең болушу мүмкүн», – деп жооп берген.

Каир менен Амман дароо эле Трамптын Газа тилкесиндеги палестиналык качкындарды Египет, Иордания жана башка араб мамлекеттерине жайгаштыруу планына каршы экенин билдиришти. Трамптын сунушунан баш тарткан Египет менен Иорданиянын позицияларын ХАМАС жогору баалаган.

ХАМАС өз билдирүүсүндө ошондой эле Палестина элинин өз жерине берилгендигин жана анын өз жеринен көчүрүлүүдөн же чыгарылуудан баш тартуусун баса белгилеп, Араб Лигасын жана Ислам Кызматташтык Уюмун Палестина элинин жер которуусунун бардык түрлөрүнө каршы чечкиндүү каршылык көрсөтүүгө жана борбор шаары Иерусалим болгон көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү боюнча бул элдин улуттук укуктарын колдоого чакырган.

АКШ президентинин билдирүүлөрүн Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас да айыптап, палестиналыктар өз мекенин таштабай турганын билдирген.

Буга чейин америкалык сенатор Берни Сандерс АКШ президенти Дональд Трамптын Газадагы миллиондогон палестиналыктарды ал жерден көчүрүү сунушун сындап, америкалыктарды аны айыптоого чакырган.

Евробиримдик да Трамптын Газа тилкесиндеги палестиналыктарды Иордания менен Египетке көчүрүү демилгесине каршы чыкты. Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Кая Каллас 27-январда Брюсселде Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алкагында Газа эли өтө көп азап чеккенин, алар израилдиктердей эле тынчтыкка татыктуу деп билдирген. Ал Евробиримдик Израиль менен Палестина мамлекеттеринин тынчтыкта ​​жанаша жашоосуна негизделген жөнгө салууну колдоону улантарын кошумчалаган.

Трамптын сунушуна БУУ да каршы чыкты.

“Биз адамдарды мажбурлап көчүрүүгө же этникалык тазалоого алып келе турган бардык пландарга каршыбыз”, – деди уюмдун өкүлү Стефан Дюжаррик.