Германия 2025-жылы Украинага аскердик жардамды эки эсе кыскартууну пландоодо

Германия 2025-жылы Украинага аскердик жардам көрсөтүү үчүн төрт миллиард евро бөлөт. Бул быйылкыга салыштырмалуу эки эсе аз, деп билдирет Рейтер агенттиги Германиянын өкмөтү даярдаган бюджеттин долбооруна таянып.

5-июлда Германиянын башкаруучу партиялары өлкөнүн 2025-жылга карата федералдык бюджети боюнча макулдашууга жетишкени кабарланган. Deutsche Welle жазгандай, социалдык чыгымдардын тегерегинде бир топ пикир келишпестиктер болгон. Өкмөт ошондой эле салык кирешесинин жетишсиздигинен пайда болгон 10 миллиард евролук “таңкыстыкты” кантип жабуу маселесин чечүүгө аракет кылгн.

2024-жылдын февраль айынын башында ЕБ өлкөлөрү Евробиримдиктин бюджетинин алкагында Украинага 50 миллиард евро өлчөмүндө каржылык жардам көрсөтүүнү макулдашкан.

ТЕМА БОЮНЧА

Трамп шайлоодо жеңсе Россия менен Украина кризисин жөнгө салуу маселесин талкуулайт

Трамп шайлоодо жеңсе Россия менен Украина кризисин жөнгө салуу маселесин талкуулайт

 16.07.2024

Еврокеңештин башчысы Шарль Мишель бул “Украина үчүн туруктуу, узак мөөнөттүү жана болжолдуу каржылоону” камсыздай турганын белгиледи. Евробиримдиктин лидерлери Киевге экономикалык жардам көрсөтүү планын жыл сайын талкуулап, “зарыл болсо” эки жылдан кийин кайра каралат деп болжолдонууда.

Германиянын канцлери Олаф Шольц Евробиримдик өлкөлөрүн 2024-жылы Украинага көбүрөөк колдоо көрсөтүүгө чакырды. Ал белгилегендей, Украинанын АКШдан кийинки эң ири донору болгон Германия «зарылчылыкка жараша» аскердик жардам көрсөтүүнү уланта берет. Бирок жалгыз Германиянын салымы аздык кылат.

Комментарий жиберүү