Грузин парламентинин пленардык жыйынында бийликтеги “Грузин кыялы” партиясынын мүчөлөрү 49 оппозициялык депутатты мандатынан жана депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу үчүн бир добуштан колдошту.
Грузиянын мыйзамдарына ылайык, мындай чечим автоматтык түрдө депутаттык кол тийбестиктен ажыратууну билдирерин эл аралык ММКлар жазды.
5-февраль күнү Грузиянын бийликтеги “Грузин кыялы” партиясынын депутаттары 2024-жылдын 26-октябрындагы шайлоонун жыйынтыгында өлкөнүн парламентине шайланган оппозициячыл 49 депутатты депутаттык мандаттарынан, ошондой эле депутаттык кол тийбестиктен ажыратууну бир добуштан колдошту.
Алар «Өзгөртүү үчүн» коалициясынын 19, «Биримдик – улуттук кыймылынын» 16 жана «Күчтүү Грузиянын» 14 депутаты.
Бийликчил партиянын бул кадамынан кийин грузин парламентиндеги депутаттардын саны дээрлик үчтөн бирине – 150дөн 101ге кыскарган.
Эми калган курам өлкөнүн баш мыйзамын өзгөртүүгө аздык кылат. Анткени Грузин парламентинин жалпы депутаттык курамы Конституцияга ылайык 150 депутаттан турат.
Өткөн 2024-жылдагы шайлоодон кийин дароо оппозициялык “Өзгөрүүлөр үчүн”, “Күчтүү Грузия” жана “Биримдик” партияларынын депутаттары шайлоонун жыйынтыгын бурмалап, мандаттарынан баш тартуу тууралуу арыз менен парламентке кайрылышкан. Кечээ ошол үч партиянын арызы парламенттик көпчүлүктү канааттандырды.
Бирок парламенттин ишине бойкот жарыялаган төртүнчү оппозициялык “Грузия үчүн” партиясы да шайлоону бурмалоо тууралуу пикирге макул болгон менен мандаттарынан баш тарткан эмес.
Эске сала кетсек, эл аралык байкоочулар Грузияда 2024-жылдын 26-октябрында өткөн парламенттик шайлоодо шайлоочуларды коркутуу жана административдик ресурсту колдонуу сыяктуу бир катар мыйзам бузууларды катташкан.
Ал эми Еврокомиссия шайлоо өнөктүгү добуш берүүнүн купуялуулугун бузуу жана бир катар процедуралык мыйзам бузуулар менен өткөнүн билдирген.
16-ноябрда Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы менен бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы – 53,93% (89 мандат), “Өзгөртүү үчүн” коалициясы – 11,03% (19 мандат), “Бириккен улуттук кыймыл” блогу – 10,17% (16 мандат), Грузиянын “Премьер-мандаты үчүн” партиясы 18, Министр Георгий Гахария – 7,78% (12 мандат) алышкан.
Грузиядагы бул парламенттик шайлоодон кийин нааразылык акциялары ноябрдын этегинде “Грузин кыялынын” өкүлдөрү өлкөнүн Евробиримдикке кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөр токтотулганын жарыялаганда кайра башталган.
Нааразылык акциясынын жүрүшүндө 400дөн ашык оппозиция өкүлдөрү полицияга каршылык көрсөткөнү үчүн административдик протоколдор менен камакка алынган.
Жыйынтыгында 53 активистке “топтук зомбулук” жана мамлекеттик мүлккө зыян келтирүү беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.