Тбилисиде жума күнү кечинде жана түндө өлкөнүн өкмөтүнүн Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү токтотуу чечимине каршы нааразылык акциялары уланды. Экинчи күн катары менен полиция менен кагылышуулар болуп, камоолор болуп жатканы кабарланууда.Полициянын атайын күчтөрү демонстранттарды грузин парламентинин имаратынан суу аткычтар жана көздөн жаш агызуучу газ менен сүрүп чыгарган.
Грузиянын парламенти кооптуулуктун кызыл деңгээлин жарыялап, имаратка парламенттеги фракциялардын мүчөлөрү гана киргизилип жатат.
Эмне үчүн Грузияда жаңы нааразылык акциялары башталды, өкмөт аларга кандай реакция кылууда жана алардын Евробиримдик менен кандай байланышы бар?
Грузияда эмне болуп жатат?

Тбилисиде 28-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин башталган өкмөткө каршы нааразылык акциялары 29-ноябрга караган түнү күчөгөн. 28-ноябрь күнү кечинде Евробиримдиктин (ЕБ) желектерин көтөргөн жүздөн ашуун демонстранттар адегенде бийликтеги “Грузин кыялы-Демократиялык Грузия” партиясынын борбордук кеңсесинин жанына чогулушуп, андан соң Руставели проспектисинде парламент имаратынын алдына жайгашышкан.
Мындан тышкары, массалык нааразылык акциялары өлкөнүн башка ири шаарларында – Кутаиси менен Батумиде болгону да маалымдалган.
Түнү демонстранттар менен аларды таратууга аракет кылган полициянын ортосунда кагылышуулар болду. Митингдердин катышуучулары түтүн чыгаруучу шашкаларды колдонуп, полицияга таш, бөтөлкө ыргытышкан. Демонстранттар Тбилисинин борборуна баррикадаларды куруп, таштанды челектерин жана дөңгөлөктөрдү өрттөштү.
Грузиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, нааразылык акциялары маалында 30дан ашуун укук коргоо кызматкери жаракат алган.
Өкмөттүн реакциясы

Грузиянын Ички иштер министрлиги демонстрациялар тынч мүнөздө болбой калганын дароо мойнуна алды. Парламент имаратына полиция жана атайын күчтөр жөнөтүлдү. Демонстрацияны таратуу үчүн суу аткычтар жана көздөн жаш агызуучу газ колдонулду. Натыйжада таңга маал демонстранттар Руставели проспектисинин бардык жеринен сүрүлүп чыгарылган. Полицияга баш ийбей, административдик тартипти бузган 43 адам кармалган.
Бирок нааразылык күчөгөн маалда Грузия парламенти коркунучтун эң жогорку деңгээлин киргизди. Имаратка парламенттин мүчөлөрүнө гана кирүүгө уруксат берилген.
Эмне үчүн Грузияда нааразылык акциялары башталды?

Грузияда нааразылык толкуну өлкөнүн бийликтери Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү 2028-жылга чейин токтотуу чечимин кабыл алгандан кийин башталган. Мындан тышкары, өкмөт ошондой эле кийинки төрт жылга Евробиримдиктин бардык бюджеттик гранттарынан баш тарткан. Еврошаркетке кошулууга умтулуп жаткан Грузия былтыр талапкер деген макам алган.
Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе Евробиримдикке мүчөлүк боюнча сүйлөшүүлөрдү Брюсселдин шантажынын куралы деп атап, Тбилиси евроинтеграцияны ырайым катары көргүсү келбей турганын тактады. Анын айтымында, Грузия Евробиримдик менен көбүрөөк тең укуктуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн экономикалык негиздерди даярдашы керек.
“Биз Европа Биримдигине кайыр сурап, бир бутка туруп кирбейбиз, а оңдолгон демократиялык система жана күчтүү экономика менен Европа Биримдигине татыктуу киребиз”, – деди Кобахидзе.
Грузияда өкмөткө каршы митингдер 26-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин башталды. Бийликтеги партия парламентте абсолюттук көпчүлүктү сактап кала алды, бирок оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоо деп эсептеп, анын жыйынтыгын таануудан баш тартты.
Натыйжада Грузиянын парламенти оппозициялык партиялардын катышуусуз иштей баштаган – азыр анда башкаруучу «Грузин кыялы – Демократиялык Грузиянын» өкүлдөрү гана отурат. 28-ноябрда Кобахидзе кайрадан өлкөнүн премьер-министри болуп дайындалды, бирок оппозициялык саясатчылар анын легитимсиздигин айтышууда.
Нааразычылык акцияларын ким уюштурган?

Нааразылык акцияларын Грузиянын оппозициялык партиялары, атап айтканда, мурдагы президент Михаил Саакашвили негиздеген “Бириккен улуттук кыймыл” жетектеген. Алар Тбилисинин евроинтеграцияга багытын колдойт жана өкмөттү улуттук кызыкчылыктарга чыккынчылык кылды деп айыпташууда. Оппозиция грузиндердин басымдуу көпчүлүгү (дээрлик 90 пайызы) Евробиримдикке мүчө болууну колдой турганын көрсөткөн сурамжылоолорго таянууда.
Мындан тышкары, нааразылык акцияларына Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили да кошулганы белгилүү болду. Ал өкмөттүн аракеттерин конституциялык төңкөрүш деп атап, Евробиримдиктин өлкөлөрүн Тбилисиде болуп жаткан окуяларга реакция кылууга чакырды.
“Тбилисинин борборунда нааразылык акциялары жана репрессиялар уланууда (…). Мен европалык борборлордон катуу реакция күтөм”, – деди Зурабишвили.
Евробиримдик нааразылык акцияларын кандай кабыл алды?

Евробиримдиктин Грузиядагы элчиси Павел Герчинский грузин бийлигинин Брюссел менен сүйлөшүүдөн баш тартуу чечимин өкүнүчтүү деп атап, бул өткөн жылдардын курсуна карама-каршы келерин белгиледи.
«Кечээ болгон окуя грузиялыктардын басымдуу көпчүлүгүнүн эркине карама-каршы келет», – деп кошумчалады ал.
Мындан тышкары, грузин бийлигинин аракеттерин Литванын тышкы иштер министри Габриэлюс Ландсбергис да айыптады. Ал өлкөнүн жарандарын багынбоого жана Евробиримдиктин келечеги үчүн күрөшүүгө чакырды.
Буга чейин Европарламент Грузиядагы өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына күмөн санап, атүгүл кайра добуш берүүгө чакырып, жаңы шайлоолор “жакшыртылган шайлоо чөйрөсүндө” өтүшү керектигин билдирген. Ошого карабастан Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн жетекчилиги Грузиянын башкаруучу партиясынын жеңишин тааныган жана өлкөнүн бийликтери менен байланышты үзүүгө ниеттенбейт.