Сириянын бийликтери Израилдин Сириянын түштүгүндөгү жай тургундардын өмүрүн алган чабуулдарын эл аралык иликтөөгө чакырууда.
Бул тууралуу САРдын тышкы иштер министрлиги билдиргенин SANA агенттиги жазды.
Буга чейин Сириянын “Al-Watan” гезити израилдик танктар Сириянын түштүгүндөгү Дараа провинциясындагы Куя кыштагын аткылап, алты киши набыт болгонун жазган. Аталган кыштакка абадан сокуу урулуп, турак жайлар жана фермалар бутага алынган. Жабыркагандардын кээ бирлеринин абалы оор болгондуктан каза болгондордун саны көбөйүшү ыктымал экенин кабарланган.
“Биз Израилдин Сириянын аймагына үзгүлтүксүз жасап жаткан чабуулдарын айыптайбыз жана Израилдин бейкүнөө жарандарга каршы кылмыштарын эл аралык иликтөөгө чакырабыз”, — деп айтылат билдирүүдө.
Тышкы иштер министлигинин билдирүүсүндө Куя кыштагына кол салуу Израилдин Сирияга каршы агрессиясынын уландысы болуп саналары, ал Эль-Кунейтра жана Дараа провинцияларына израилдик аскерлердин басып кириши менен башталганы жана бул улуттук суверенитетти жана эл аралык мыйзамдарды одоно бузуу болуп эсептеле тургандыгы белгиленген.
Мекеме сириялыктарды өз жеринде калууга жана мажбурлап көчүрүү же күч менен жаңы чындыкты таңуулоо аракетин четке кагууга чакырды.
“Бул агрессиялар Сирия элинин өз укуктарын жана жерин коргоо чечкиндүүлүгүн алсыратпайт”, – деп белгиленет САРдын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.