ДССУ: Газанын ар бир бешинчи жашоочусу тамак-аштын жетишсиздигинен жапа чегүүдө

Газада ачарчылык коркунучу өтө жогору бойдон калууда, анклавдын ар бир бешинчи жашоочусу тамак-аштын жетишсиздигинен жапа чегүүдө, деп билдирди Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус.

“Жаңжал уланып жатканда Газада ачарчылыктын жогорку коркунучу сакталып турат. Газанын ар бир бешинчи жашоочусу тамак-аштын жетишсиздигинен жапа чегүүдө. Тилкенин дээрлик бардык тургундары тамак-аш тартыштыгына туш болушууда”, – деди ал X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы согуштук аракеттерди токтотуу жана гуманитардык жардамга токтоосуз, тоскоолдуксуз жана туруктуу жеткирүүнү камсыз кылуу менен гана Газа тилкесиндеги ачарчылык коркунучу азайарын кайрадан белгиледи.

Буга чейин БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы Газа тилкесиндеги 2,15 миллион карапайым калк жакынкы бир нече ай ичинде катуу тамак-аш тартыштыгына кабыларын билдирген. Уюмдун отчетуна ылайык, тамак-аш тартыштыгы 495 миң киши үчүн “катастрофалык” болот.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал былтыр 7-октябрда Газа тилкесинен ХАМАС кыймылы Израилге ракеталык сокку ургандан кийин кескин курчуп кеткен. Ал күнү ХАМАСтын жоокерлери Израилдин Газа менен чектеш аймактарына кирип барып, 240тай кишини барымтага алып кетишкен. Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израиль тарапта 1200дөн ашуун киши өлүп, 5000ден ашууну жаракат алган. Израиль ХАМАСтын чабуулуна жооп кылып Газа тилкесинде «Темир кылыч» операциясын баштап, анклавды толук блокадага алган. Израилдин Газадагы абадагы жана кургактагы операциясы бүгүнкү күнгө чейин улантып келет.

12-февралдан баштап Израиль Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарына чабуулун баштаган. Палестиналыктардын көбү ал жерде Египет менен чек арага жакын жердеги чатыр лагерлерде жана БУУнун баш калкалоочу жайларында жашашат. Эл аралык гуманитардык уюмдардын маалыматы боюнча, Рафахта 1,3 миллионго жакын адам баш калкалаган.

Газанын саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча Израилдин Газадагы аскердик аракеттери башталгандан бери набыт болгон палестиналыктардын саны 37 626га жетип, 86 098 адам жарадар болду.

Комментарий жиберүү