Дүйнөдөгү кыштан салынган эң бийик мунара Иранда жайгашкан. Сүрөт

Дүйнөдөгү кыштан салынган эң бийик мунара Ирандын Голестан провинциясынын Гомбеде-Кавус шаарынын борбордук бөлүгүндө орун алган. Ал шаардын аталышындай Гомбеде-Кавус мунарасы деп аталат.

Ал 1006-жылы Зияриддер династиясынын башкаруучусу Шамс ал-Маали Кабустун (Кабус ибн Вушмагир) күмбөзү катары курулган.

Гомбеде-Кавус миң жылдан ашык тарыхы бар ислам архитектурасынын шедеврлеринин бири жана бышкан кыштан салынган дүйнөдөгү эң бийик имарат деген наамга ээ.

Мунаранын бийиктиги 55 метр жана ал бийиктиги 15 метрден ашкан жасалма платформанын үстүндө турат. Мунаранын жалпы бийиктиги 70 метр.

Курулуштун ичи көңдөй жана дубалдарынын жоондугу 3 метрден бир аз ашат. Мунаранын формасы он бурчтуу болуп, чатыры учтугуй болуп салынган. Анын асты жагынын диамери 17 метр болсо, үстү жагынын диаметри 15,5 метр болуп өйдө карай ичкерип кетет.

Мунаранын ичине бир гана чыгыш тараптан кирүүгө болот. Анын ылдый жагында араб тилиндеги жазуулар бар, анда бул курулуш Зияриддердин башкаруучусуна таандык деп жазылып турат.

Бул тарыхый эстелик 2012-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине катталган.

Азыркы тапта бул тарыхый эстеликтин кээ бир бузулган бөлүктөрү реконструкциядан өткөрүлүп, калыбына келтирилип жатат.

Комментарий жиберүү