Аскердик кубаттуулугу боюнча жаңы рейтингде Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Тажикстандын армиясы Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Түркмөнстандын куралдуу күчтөрүнөн артта калды.
Global Firepower аскерий-анализ жүргүзүүчү эл аралык порталы дүйнөдөгү 145 мамлекеттин армияларына баа берип, күчтүүлөрдүн рейтингин жарыялады.
Порталдын жаңыланган рейтингинде эң алдыңкы үч орунду АКШ, Россия жана Кытай ээледи.
Эң ири армиялардын ондугуна Индия, Түштүк Корея, Улуу Британия, Франция, Япония, Түркия жана Италия кирди.
Борбор Азия мамлекеттеринен Казакстандын куралдуу күчтөрү эң күчтүү деп таанылды.
Казакстан 57, Өзбекстан 58, Түркмөнстан 77, Кыргызстан 105, ал эми Тажикстан 108-орунга ээ болду.
Ал эми Батыш Азия өлкөлөрүнүн ичинен Иран 16-орунга жайгашты.
Алдыңкы жыйырмалыкка кирген армиясы күчтүү мамлекеттер:
- АКШ
- Россия
- Кытай
- Индия
- Түштүк корея
- Улуу Британия
- Франция
- Япония
- Tүркия
- Италия
- Бразилия
- Пакистан
- Индонезия
- Германия
- Израиль
- Иран
- Испания
- Австралия
- Мысыр
- Украина
Рейтингде эң акыркы 145-орунда Бутан турат.
Тизмени түзүүдө куралдын саны гана эмес, анын түрү жана күчү, ошондой эле географиялык абалы, транспорттук мүмкүнчүлүктөрү, жаратылыш ресурстары, жергиликтүү өнөр жайы жана аскер кызматкерлеринин саны эске алынган.