Дүйнөнүн эң бай адамдары  бир күндө 36 млрд. доллар табышты

Bloomberg Billionaires Index рейтингинде көрсөтүлгөн миллиардерлердин жалпы байлыгы 9-апрелде 304 миллиард долларга өстү. Бул АКШнын фондулук базарларында болгон секирик менен байланыштуу.

Анын себеби — президент Дональд Трамптын айрым өлкөлөргө карата бажы төлөмдөрүн киргизүүнү 90 күнгө токтотуу чечими, деп жазат Медуза.

Бул — Bloomberg агенттиги 2012-жылдын март айынан бери эсептеп келе жаткан индекстеги бир күндүк эң ири өсүш болуп калды. Рейтингде көрсөтүлгөн дүйнөнүн 500 эң бай адамынын байлыгы орточо эсеп менен 3,5% га өстү.

Эң чоң кирешени — планетанын эң бай адамы Илон Маск тапты. Анын байлыгы 36 миллиард долларга көбөйдү.

Андан кийин Meta компаниясынын башчысы Марк Цукерберг, анын байлыгы 26 миллиардга өстү. Ал эми Nvidia Corp. компаниясынын башчысы Женсен Хуандын байлыгы 15,5 миллиард долларга көбөйдү.

Пайыздык катышта эң көп пайда көргөн — Carvana компаниясынын башчысы Эрнест Гарсия III болду. Анын байлыгы 25% га, башкача айтканда 1,4 миллиард долларга өстү.

Мурдагы рекорд 2022-жылдын март айында болгон — анда миллиардерлердин байлыгы бир күндө 233 миллиард долларга өскөн. Бул АКШнын Федералдык резерв системасынын башчысы Жером Пауэлл пайыздык чендерди жогорулаткандан кийин экономика туруктуу бойдон каларын билдиргенден соң болгон.

АКШ президенти Дональд Трамп 9-апрелде күтүүсүздөн бир катар өлкөлөрдөн товарларга карата бажы төлөмдөрүн киргизүүнү 90 күнгө токтотконун жарыялады. Бул төлөмдөр 10-апрелде түн ортосунда күчүнө кирмек.

Анын билдирүүсүнөн кийин S&P 500 индекси 2008-жылдан бери эң чоң өсүштү көрсөттү, ал эми Nasdaq Composite индекси 24 жылдагы эң чоң секирикке жетти.

Бул көрсөткүчтөр Трамп бажы төлөмдөрүн киргизерин билдиргенден кийинки бир нече күндүк төмөндөөлөрдөн соң катталды.