АКШ президенти Дональд Трамп Сириянын өткөөл мезгилдеги президенти Ахмед аш-Шараага өзү чыгарган атырды белек катары тапшырганын РИА Новости социалдык тармактарда тараган видеону талдоо аркылуу аныктады.
Мурунку маалыматтарга ылайык, аш-Шараа Сирия 1946-жылы көз карандысыздык алган учурдан тарта Вашингтондо болгон алгачкы сириялык лидер болуп калды.
10-ноябрда Вашингтондо өткөн жолугушууда АКШ президенти Дональд Трамп менен Сириянын өткөөл мезгилдеги президенти Ахмед Ахмед аш-Шараа сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.
Видео материалда атырдын аталышы айтылган эмес, бирок Трамп аш-Шараага берген бөтөлкө анын фирмалык «Victory 47» аттуу жыттуу суусунун расмий сайтындагы сүрөттөргө окшош экени аныкталган. Сайттагы маалыматка ылайык, бул жыттуу суунун аялдар жана эркектер үчүн өзүнчө түрү бар жана баасы учурда 249 долларды түзөт.
АКШ президенти аш-Шараага “бир бөтөлкө өзүңөргө, экинчисин жубайыңа ал” деп сунуш кылган.
“Канча аялың бар, бирөөбү?” — деп сурады Трамп.
Аш-Шараа президентке бир эле жубайы бар экенин ырастады.
АКШ 7-ноябрда Сириянын өткөөл мезгилдеги президенти аш-Шараадан санкцияларды алып салган, бул анын Вашингтондогу визитинин алдында болгон. БУУнун Коопсуздук Кеңеши 6-ноябрда ага карата санкцияларды алып салууга добуш берген.
2024-жылдын ноябрь айынын аягында сириялык оппозициялык куралдуу күчтөр өкмөт армиясынын позицияларына ири чабуул жасап, 8-декабрда Дамаскка кирген. Башар Асад президенттик кызматын тапшырып, өлкөдөн чыгып кеткен. 29-январда жаңы өткөөл администрациянын башчысы Ахмед аш-Шараа Сириянын өткөөл мезгилдеги президенти деп жарыяланган.