Д. Трамп Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлерин 6-ноябрда Вашингтонго чакырды

АКШнын президенти Дональд Трамп Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жетекчилерин 6-ноябрда Вашингтон шаарында өтө турган «Борбордук Азия — АКШ» саммитине чакырды. Бул тууралуу Казакстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев АКШнын президенти Дональд Трампка 6-ноябрда Вашингтондо өтө турган “Борбордук Азия – АКШ” саммитине чакыруусу үчүн чын ыкластуу ыраазычылыгын билдирген кат жөнөттү. Бул тууралуу NUR.KZ маалымат булагы Акордого шилтеме берип билдирди.

Токаев өз катында Трамптын демилгесин өз убагында жана маанилүү кадам катары баалап, анын аймактагы кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгилеген.

Мамлекет башчысы АКШ президенти Дональд Трамптын ички жана тышкы саясаттагы негизги максаттарын колдоорун, айрыкча акыл-эстин принциптерине негизделген салттуу баалуулуктарды коргоо, ошондой эле тынчтык менен коопсуздукту камсыздоо боюнча аракеттерин колдой турганын баса белгилеген.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп социалдык тармактарда Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөр тууралуу айтып, локомотивдерди сатып алуу боюнча 4,2 миллиард долларлык келишим түзүлгөнүн билдирген.