Евробиримдик Ооганстандагы дипломатиялык миссияларын кайрадан баштоону карап жатат

Учурда европалык бир катар мамлекеттер Ооганстан менен дипломатиялык мамилесин калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатышат.

Бул өлкөнүн азыркы өкмөтүн кыйыр түрдө таануу катары каралышы мүмкүн, деп жазат Bloomberg.

Аталган басылманын берген маалыматтары боюнча, Брюсселдеги дипломатиялык булактар Ооганстанда элчиликтерди кайра ачуу зарылдыгы жаралганын белгилешүүдө. Андагы негизги максаттар – аялдардын укугун коргоо жана аймактагы стратегиялык позицияларды бекемдөө болуп саналаарын көрсөтүшүүдө.

Учурда өлкөдө Евробиримдиктин гана өкүлчүлүгү иштеп жатат.

Бул маселеде Италия жана Испания активдүүлүгүн көрсөтүүдө.

Италиянын тышкы иштер министри Антонио Таяни Италиянын Катардагы элчиси жакында Кабулга барганын ырастады. А Испания өзүнүн элчисин Ооганстандын баш калаасына кайтарып баруу менен бирге минималдуу коопсуздук чараларын көрүүнү пландоодо.

Ал эми Франция, Улуу Британия жана Германия өз өкүлчүлүктөрүн ачууга азырынча шашылбай турушат, бирок анткен менен келечекте алар деле Ооганстанда элчиликтерин ачууну жокко чыгарышпайт.

Өз кезегинде АКШ өкмөтү талиптердин азыркы өкмөтүн расмий түрдө тааныбайт жана элчилигин ачып, ишин кайра баштоону пландабайт.

Эске салсак, Батыштын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү 2021-жылы америкалык аскерлер чыгарылып, бийликке талиптер келгенден кийин Ооганстандан эвакуацияланган. Бирок ошол эле убакта ЕБ гуманитардык жардамды координациялоо үчүн минималдуу катышууну сактап калган.

Европалык дипломаттардын Ооганстанга кайтып барышы – Батыш менен Талибан жетекчилигинин ортосундагы мамилени өзгөртүүдө олуттуу кадам болушу мүмкүн.

Бирок бул процесс акырындык менен жүрүп, көптөгөн факторлорго, анын ичинде аймактагы коопсуздук жана саясий кырдаалга көз каранды болушу ыктымал.

Комментарий жиберүү