Египеттеги Газа боюнча “тынчтык саммити”. Ага Иран тарап да, Нетаньяху да катышпайт

Бүгүн, 13-октябрда Газа тилкесиндеги согушту токтотуу боюнча Египеттин Шарм-эль-Шейх шаарында тынчтык саммити өтөт. Ага 20дан ашуун өлкөнүн лидерлери катышарын буга чейин Египеттин президенти Абдел Фаттах ас-Сисинин кеңсеси билдирген. Саммитке Ас-Сиси жана АКШнын президенти Дональд Трамп төрагалык кылат.

Египеттин мамлекет башчысы бул саммитке Иран тарапты да катышууга чакырган. Бирок Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Газадагы тынчтык саммитине өзү да, Ирандын президенти Масуд Пезешкян да катышпай турганын Х соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

“Иран Шарм-эш-Шейхтеги саммитке катышууга чакырган президент ас-Сисиге ыраазычылык билдирет. Дипломатиялык алакаларды колдогонубуз менен, президент Пезешкиян да, мен да иран элине кол салган жана бизге коркунуч жаратып, санкцияларды улантып жаткан кесиптештер менен өз ара кызматташа албайбыз”, — деп жазган Аракчи.

Кийинчирээк Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху да АКШнын президенти Дональд Трампка Египеттеги “тынчтык саммитине” чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бирок жөөттөрдүн “симхат-тора” майрамы жакындап калгандыктан саммитке катыша албай турганын Израилдин премьер-министринин кеңсеси билдирди.

Нетаньяху Египеттеги конференцияга АКШ президенти Трамп тарабынан чакырылган.

“Тынчтык саммити”

Шарм-эл-Шейхтеги “тынчтык саммити” Газа тилкесинде ок атышпоо келишимине расмий кол коюлганын белгилөө үчүн чакырылууда. Бирок анклавда ок атышууну токтотуу жана ал жактагы барымтадагыларды палестиналык туткундарга алмаштыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн палестиналык ХАМАС кыймылынын жана Израилдин өкүлдөрү ага катышуудан баш тартышты.

Египеттик As-Shorouq маалымат порталы маалымдагандай, саммитке Палестинанын президенти Махмуд Аббас катышат. Америкалык Axios порталы буга чейин кабарлагандай, алдыдагы саммитке Улуу Британия, Германия, Индонезия, Иордания, Италия, Катар, Бириккен Араб Эмираттары, Пакистан, Сауд Арабия, Түркия жана Франциянын лидерлери же тышкы иштер министрлери катышаары күтүлүүдө.

Израиль менен ХАМАСтын ортосунда АКШ ортомчулугу менен түзүлгөн ок атышпоо келишими 10-октябрга караган түнү күчүнө кирген. Тынчтык планынын биринчи этабына кол коюу 9-октябрда болгон. Ок атышууну токтотуудан кийин Израил Газанын буфердик аймагына өз күчтөрүн чыгарып кетти, палестиналык тургундар үйлөрүнө кайта баштады, ХАМАС болсо барымтадагы израилдиктердин баарын бошотту.