АКШнын президенти Дональд Трамп Египет менен Иордания Израилдин ХАМАС тобуна каршы согушунан кыйраган Газа тилкесиндеги палестиналыктарды кабыл алышы керек деди.
Каир менен Амман Трамптын Газа тилкесиндеги палестиналык качкындарды Египет, Иордания жана башка араб мамлекеттерине жайгаштыруу планына каршы экенин билдиришти.
ХАМАС өз кезегинде Трамптын сунушунан баш тарткан Египет менен Иорданиянын позицияларын жогору баалаганын Shahab маалымат агенттиги жазды.
“Биз Египет жана Иорданиянын ээлеген чыныгы позицияларын жогору баалайбыз, анткени бул өлкөлөр Палестина элинин ар кандай шылтоо менен мажбурлап жер которушуна өздөрүнүн каршылыгын билдиришти”, – деп айтылат ХАМАСТын билдирүүсүндө.
ХАМАС өз билдирүүсүндө ошондой эле Палестина элинин өз жерине берилгендигин жана анын өз жеринен көчүрүлүүдөн же чыгарылуудан баш тартуусун баса белгилеп, Араб Лигасын жана Ислам Кызматташтык Уюмун Палестина элинин жер которуусунун бардык түрлөрүнө каршы чечкиндүү каршылык көрсөтүүгө жана борбор шаары Иерусалим болгон көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү боюнча бул элдин улуттук укуктарын колдоого чакырды.
Иорданиянын Тышкы иштер министрлиги Трамптын билдирүүсүнө дароо жооп берип, ал палестиналыктарды Газадан мажбурлап көчүрүү идеясын четке кагарын билдирди.
“Биздин позициябыз: палестиналыктардын чыгарылышын кабыл албайбыз, ал өзгөрүүсүз жана өзгөрбөйт”, – деп баса белгиледи Иорданиянын тышкы иштер министри Айман ас-Сафади.
Египеттин Тышкы иштер министрлиги да Трамптын Газа тилкесиндеги палестиналык качкындарды Египет, Иордания жана башка араб мамлекеттерине жайгаштыруу сунушуна макул эместигин 26-январда аталган мекемеден билдиришти.
Египет ТИМи Палестина элине өз жеринде колдоосун улантарын билдирди.
Билдирүүдө ошондой эле Египет жерлерге отурукташтыруу же аннексиялоо аркылуу же жер которуштуруунун натыйжасында бул жерлердин калкынын санын кыскартуу аркылуу же убактылуу же узак мөөнөттүү болсун, палестиналыктарды өз жерлеринен кууп чыгуу сыяктуу ажыратылгыс укуктарды бузууну четке кагары айтылат.
Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас АКШ президентинин билдирүүлөрүн айыптады.
“Биздин элибиз бекем бойдон калат жана өз мекенин таштабайт”, – деген анын билдирүүсүн палестиналык WAFA маалымат агенттиги келтирди.
Ошол эле учурда Газадагы согушту токтотууга ортомчулук кылган Катардын расмий адамдары да жер которууга же кайра басып алууга алып баруучу бардык пландарды “кызыл сызык” деп атады.
Араб Лигасы да адамдарды өз жерлеринен мажбурлап жер котортууну жана көчүрүүнү “этникалык тазалоо” деп айтууга болорун билдирди.
Белгилей кетсек, Израиль менен 15 айга созулган согушта Газанын эки миллион жашоочусунун көбү үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан жана Газанын инфраструктурасынын көп бөлүгү жер менен жексен болгон.
БУУ буга чейин Газадагы имараттардын 60%ы бузулган же кыйраганын жана аларды калыбына келтирүү ондогон жылдарга созулушу мүмкүн деп эсептеген.