Египеттин тышкы иштер министри Бадр Абдельати көз карандысыз Палестина мамлекети түзүлмөйүнчө Батыш Азияда стабилдүүлүккө жана коопсуздукка жетишүү мүмкүн эмес деп билдирди.

Ал Египет Газа тилкесин реконструкциялоо жана тынчтык сүйлөшүүлөрүн алдыга жылдыруу үчүн эл аралык колдоону тартуу боюнча жигердүү иштеп жатканын баса белгиледи.
Каир Газа тилкесиндеги азыркы ок атышпоонун туруктуулугун камсыздоо жана тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн экинчи фазасына өтүү үчүн АКШ жана Катар менен активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Абдельати кырдаалды турукташтыруудагы Евробиримдиктин ролунун маанилүүлүгүн белгилеп, ЕБ өлкөлөрүн бул багыттагы аракеттерин күчөтүүгө чакырды. |
Газа тилкесин кайра куруу жана БПКАнын ролу
Министр калкты мажбурлап көчүрүү идеяларын четке кагып, Газа тилкесин палестиналыктарды көчүрбөй кайра куруу зарылдыгын белгиледи.

Ал белгилегендей, БУУнун палестиналык качкындар боюнча агенттигине (БПКА) Палестина аймактарындагы миссиясында альтернатива жок.
Египет, Катар жана АКШ менен бирге ок атышууну токтотууну узартуу жана жаңжалдын кайра башталышына жол бербөө максатында Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылууда.
Каир жакында эле аймактагы зордук-зомбулуктун күчөшүнө жол бербөө максатында ок атышууну токтотууну узартуу боюнча өз сунуштарын берди.
Египет палестиналыктарды көчүрүү планын четке кагууда
Египет Газа тилкесиндеги палестиналыктарды кошуна өлкөлөргө мажбурлап көчүрүү сунуштарын кескин түрдө четке кагып, алардын өз мекенинде калуу укугунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Египеттин президенти Абдел Фаттах ас-Сиси көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү аймакта туруктуу тынчтыкка жетишүү үчүн зарыл шарт экенин баса белгиледи. |
Египет абалды стабилдештируу, ок атышууну токтотуу жана эки мамлекеттик чечимди алга жылдыруу боюнча дипломатиялык аракеттерге жигердуу катышып, Батыш Азиядагы тынчтык процессинде негизги ролду ойноону улантууда.