Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 27-ноябрда, Бишкек шаарында Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйыны болуп өттү.
Ага Беларусь лидери Александр Лукашенко, Казакстан лидери Касым-Жомарт Токаев, Россиянын лидери Владимир Путин жана Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон катышты.
Пленардык жыйынга чейин мамлекет башчылары Жамааттык коопсуздук кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышышты.
Садыр Жапаров жыйынды ачып жатып, бул жолугушуунун жыйынтыктарын жарыялап, регионалдык жана глобалдык коопсуздуктун негизги аспектилери боюнча ачык пикир алмашуу өткөнүн, күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча өз ара түшүнүшүү камсыздалганын белгиледи.
Мамлекет башчысы аскердик, аскерий-экономикалык жана аскердик-техникалык кызматташтык багытында көрүлгөн чараларды белгилеп, 2025-жыл бою бир катар ири, анын ичинде Кыргызстанда “Чек”, “Бузулгус боордоштук” жана “Эшелон” сыяктуу ири машыгуулар өткөрүлгөнүн белгиледи.
Ал ошондой эле мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдарынын маалыматтык-коммуникациялык технологияларды террордук жана экстремисттик максаттарда пайдалануунун алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча ыкчам өз ара аракеттенүүлөрүн белгилеп өттү.
ЖККУдагы кезектеги төрагалык Россия Федерациясына өтүүдө. Буга байланыштуу Владимир Путин төрагалыктын негизги приоритеттеринин бири – Уюмга мүчө-мамлекеттердин жамааттык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызматташуусу, ошондой эле ЖККУнун жаңы антитеррордук стратегиясын даярдоо, маалыматтык коопсуздук жана парламенттер аралык кызматташуу экенин белгиледи.
Өлкө лидерлери Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын 2026-жылдын 11-ноябрында Россия Федерациясында өткөрүүнү макулдашышты.
Андан соң президент Садыр Жапаров Имангали Тасмагамбетовду Уюмдун Башкы катчысы кызматындагы жемиштүү иши үчүн ЖККУнун I даражадагы Ардак белгиси менен сыйлады. 2026-жылдан тартып анын кызмат ордун Таалатбек Масадыков ээлейт.
Уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары кезектеги жыйындын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюшту.
Кол коюлган документтер
- Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясы;
- “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук стратегиясы жөнүндө” ЖККУ ЖКК чечими;
- “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин 2026–2030-жылдарга карата Баңгизаттарга каршы стратегиясы жөнүндө” ЖККУ ЖКК чечими;
- “Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү жаатында кызматташтыкты чыңдоо жөнүндө” ЖККУ ЖКК билдирүүcү;
- “Жамааттык коопсуздук тууралуу келишим уюмунун Башкы катчысы жөнүндө” ЖККУ ЖКК чечими;
- “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын Төрагасы жөнүндө” ЖККУ ЖКК чечими;
- “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жана ага мүчө-мамлекеттердин маалыматтык мейкиндиктеги оң имиджин калыптандыруу чаралары жөнүндө” ЖККУ ЖКК чечими;
- “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин 2026–2030-жылдарга карата аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү планы жөнүндө” ЖККУ ЖКК чечими;
- Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин 2015-жылдын 15-сентябрындагы “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскерлерин (Жамааттык күчтөрүн) башкарууну уюштуруу жөнүндө” чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” ЖККУ ЖКК чечими;
- “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Ардак белгиси менен сыйлоо жөнүндө” ЖККУ ЖКК чечими;
- “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” ЖККУ ЖКК чечими;
- “Эл аралык коопсуздукту камсыз кылуудагы эмгеги үчүн” медалы жөнүндө” ЖККУ ЖКК чечими;
- “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Катчылыгынын Маалыматтык-аналитикалык башкармалыгы жөнүндө” ЖККУ ЖКК чечими;
- “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2024-жылга карата Бюджетинин аткарылышы боюнча Отчет тууралуу” ЖККУ ЖКК чечими;
- “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2026-жылга карата Бюджети тууралуу” ЖККУ ЖКК чечими.


