ЖМК: Израил Газа сектору менен Египеттин ортосундагы чек арадан өз аскерлерин чыгарып кетүүгө даяр

Израил эл аралык ортомчуларга барымтадагыларды бошотуу боюнча келишимдин экинчи фазасынын алкагында Газа сектору менен Египеттин ортосундагы чек арадан аскерлерин толугу менен чыгарып кетүүгө даяр экенин билдирди.

Бул тууралуу Times of Israel гезити өз булактарына таянуу менен билдирди.

Аталган маалымат каражатынын билдирүүсүндө, араб өлкөлөрүнүн биринин дипломаты премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун сөзүнө бир нече саат калганда Израил Газа тилкесинин Египет менен чектешкен Филадельфия коридорунан аскерлерин чыгарып кетүүгө ниети жок экенин билдирген. Израилдин чалгын кызматы “Моссаддын” директору Дэвид Барнеа шашылыш түрдө Дохага учуп кетти. Ал жерде ал Катардын премьер-министри Мохаммед бин Абдул Рахман Аль Таниге Израил палестиналык  ХАМАС кыймылы менен келишимдин экинчи этабында аскерлерин чек арадан толук чыгарып кетүүгө макул болгонун билдирди.

29-августта Израилдин аскердик-саясий кабинети Филадельфия коридорунда аскерлердин болушун сактап калуу чечимин кабыл алган. Jerusalem Post гезити министрлер кабинетинин жайгашуу (дислокация) карталарын сегиз добуштун көпчүлүгү менен жактырганын билдирди. Коргоо министри Йоав Галант ага каршы добуш берди, ал эми улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир добуш берүүдөн баш тартты.

1-сентябрда Галант өзүнчө билдирүү жасап, өкмөттү бул чечимди кайра карап чыгууга чакырды. Нетаньяху 2-сентябрдагы пресс-конференцияда айрым саясатчылардын мындай позициясына таң калып, согуш учурундагы өкмөт биримдигинин зарылдыгын белгиледи.

Булак: Calibre.Az

Комментарий жиберүү