ЖМК: Иранда МОССАДдын агенти өлүм жазасына тартылды

Иран Израилдин чалгындоо кызматы – МОССАДдын пайдасына тыңчылык кылган деп соттолгон Али Ардестаниге карата өлүм жазасын аткарды. Өкүм өлкөнүн Жогорку соту тарабынан акыркы ирет бекитилип, мыйзамда каралган тартипке  ылайык ишке ашырылды.

Mehr News Agency агенттигинин маалыматына ылайык, Ардестанинин өлүм жазасы шаршемби күнү таң заарында, Ирандын Жогорку соту өкүмдү акыркы ирет тастыктагандан кийин аткарылган.

Ардестани тыңчылык кылууга жана Израилге купуя жана өзгөчө маанилүү маалыматтарды өткөрүп берүүгө күнөөлүү деп табылган. Иш материалдарына ылайык, ал интернет аркылуу МОССАД тарабынан вербовкаланган жана акчалай төлөмдөрдүн, ошондой эле жалган убадалардын ордуна берилген тапшырмаларды аткарып турган.

Соттук документтер, далилдер жана айыпталуучунун моюнга алуучу көрсөтмөлөрү МОССАДдын офицерлеринин жетекчилиги астында ал белгилүү объектилердин сүрөттөрүн жана бутага алынган адамдар тууралуу маалыматтарды бергенин, андан соң төлөмдү криптовалюта түрүндө алганын көрсөтөт.

Тергөө ошондой эле Ардестани Иран аймагында МОССАДга байланыштуу адамдар менен жеке жолугушуп, чогултулган маалыматтарды, сүрөттөрдү жана видеолорду өткөрүп берип, андан кийин жаңы тапшырмаларды алып турганын аныктаган.

Соттук териштирүүнүн бардык баскычтарында Ардестани МОССАДдын кызматкерлери менен байланышта экенин толук аңдаганын жана Иран бийлиги «душман» деп мүнөздөгөн тарапка баалуу маалыматтарды аң-сезимдүү түрдө өткөрүп бергенин моюнга алган.