ЖМК: Пакистан БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүнү сурады

Пакистан Индия менен болгон мамилелерде чыңалуунун жогорулашына байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүнү сурады.

Бул тууралуу ТАСС агенттигине Коопсуздук кеңешиндеги дипломаттык булак билдирди.

«Пакистан Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүнү суранды. Датасы азырынча тактала элек», – деп билдирди агенттиктин маектеши, Исламабаддын жаңжалдын курчушу шартында мындан аркы кадамдары тууралуу суроого жооп берип жатып.

Белгилей кетүүчү жагдай, 22-апрелдеги кандуу кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүн “Кашмир каршылык фронту” деп атаган, буга чейин анча таанылбаган топ жоопкерчилик алган. Индиянын расмий өкүлдөрү бул топту Бириккен Улуттар Уюму террордук уюм деп тааныган Пакистанда жайгашкан “Лашкар-е-Таиба” тобуна байланыштырып жатат.

Чабуулдан кийин Индия Пакистан менен суу келишимин токтотуп, дипломатиялык мамилелердин макамын төмөндөтүп, пакистандыктарды өлкөдөн чыгарды.

Исламабад бир күндөн кийин ушундай эле жооп чараларын кабыл алды.

Ал эми расмий Исламабад Индия жакынкы күндөрү Пакистандын аймагына сокку урууга даярданып жатканын билдирди. Эки коңшунун ортосундагы чыңалуу Индиянын Кашмир аймагында 22-апрелдеги кол салуудан 26 киши каза болгондон кийин курчуп кеткен. Улуттар Уюму, АКШ эки тарапты чыңалууну басаңдатууга чакырууда.