«Хаят Тахрир аш-Шам” жетектеген террордук топтор Сириянын экинчи чоң шаары Алеппонун батыш райондорунун 40 пайыздан ашыгын көзөмөлгө алганын “Al Mayadeen” телеканалы өз кабарчысына таянуу менен билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.
“Куралдуу топтор Сириянын түндүгүндөгү Алеппо шаарынын батыш райондорунун 40%дан ашыгын көзөмөлдөп турушат”, – деп айтылат Al Mayadeen Telegram-каналында.
Күн мурун “Аль-Ватан” гезити өзүнүн Telegram каналында сириялык аскер адамынын видеосун жарыялаган, ал Сирия армиясы Алеппонун батыш бөлүгүндө калып жатканын жана террорчулардын айрым топтору бир катар райондорго кирип барышканын айткан. Буга чейин социалдык тармактарда Сирия армиясынын Алеппонун кээ бир райондорунан чегиниши жана шаарга террористтердин кириши тууралуу билдирүүлөр пайда болгон.
27-ноябрда “Хайят Тахрир аш-Шам” террордук уюмуна кирген топтор деэскалация боюнча келишимди бузуп, Алеппо жана Идлиб провинцияларындагы кеңири фронтто айылдарга, шаарларга жана аскердик позицияларга кол салышкан.
Сирия армиясы чабуулга жооп кайтарган. Аскерлер Алеппо шаарынын батыш тарабындагы согушкерлердин камсыздоо линияларына жана Идлибдеги террордук топтордун чогулган жерине чабуул коюшкан.
Кырдаалга байланыштуу Сирия армиясы Алеппо шаарына кирип-чыккан негизги жолдорду жапканын армиядагы булактарга таянып Reuters агенттиги билдирди. Алардын маалыматы боюнча, өткөрүү пункттарынан аскер кызматкерлери гана өтө алат. Буга чейин Алеппо аэропортунда бардык каттамдар токтотулганы маалымдалган.
Бир суткада 200 согушкер жок кылынды
Сириядагы согушуп жаткан тараптарды элдештирүү борборунун (CPVS) жетекчисинин орун басары, биринчи даражадагы капитан Олег Игнасюк Сирияда террорчулардын чабуулунан улам кырдаал курчуп баратканын айтып, Орусиянын Аэрокосмикалык күчтөрү Сириянын өкмөттүк күчтөрү менен бирге Алеппо жана Идлиб провинцияларында 24 сааттын ичинде кеминде 200 согушкер жок кылганын билдирди.
Анын айтымында, Орусиянын Аскердик-космостук күчтөрү Сирия Араб армиясына колдоо көрсөтүү менен мыйзамсыз куралдуу топтордун техникасына жана адам күчүнө, командалык пункттарга, кампаларга жана террорчулардын артиллериялык позицияларына ракеталык жана бомбалык чабуулдарды жасоодо.
Игнасюк экстремисттик агрессиянын мизин кайтаруу операциясы улантылууда деп кошумчалады.
Террорчулардын катарында чет элдик жалданма аскерлер бар
Сириянын Идлиб жана Алеппо провинцияларында ири кол салууларды уюштурган террордук отряддардын арасында көптөгөн чет элдик жалданма аскерлер бар, деп айтылат Сирия армиясынын жогорку командачылыгынын билдирүүсүндө.
“Куралдуу күчтөрүбүз Алеппо жана Идлиб фронтторуна террористтик “Жабхат ан-Нусра” деп аталган террордук топтор тарабынан жасалган чабуулдардын мизин кайтарууну улантууда, алардын түзүмдөрүнүн өзөгүн чет элдик террористтик жалданмалардын көп сандагы отряддары түзөт”, – деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, буга чейин Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багаи Сириядагы террордук топтордун соңку аракеттери Тель-Авив менен Вашингтондун Батыш Азия чөлкөмүн туруксуздаштыруу планынын бир бөлүгү, ошондой эле Астана процессинин келишимдерин одоно бузуу деп билдирген.
Сирияда куралдуу кагылышуу 2011-жылдан бери уланып келет. Армия өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүн бошоткондон кийин Сириянын түндүгүндөгү жана түндүк-чыгышындагы чөлдүү аймактарда террорчулардын чачыранды топтору аракеттерин улантууда. Террорчулар маал-маалы менен трассалардагы жарандык жана аскерий унааларга кол салууларды уюштуруп, алыскы айылдардын тургундарын коркутуп турушат. Сирия армиясы калган согушчан топторду жок кылуу үчүн активдүү максаттуу операцияларын улантууда.
Астана форматы деп аталган Астанадагы сүйлөшүүлөр 2017-жылдан бери уланып келет. Астана форматына Сирия кризисин жөнгө салуу процессинин кепил өлкөлөрү катары Россия, Иран, Түркия, ошондой эле Сириянын өкмөтү менен оппозициясынын өкүлдөрү, БУУ жана байкоочу өлкөлөр: Иордания, Ливан жана Ирак кирет.