Жозеп Боррел Израилдин эки министрине каршы санкция киргизүүнү сунуштады

Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррел Израилдин эки министрине кастыкты козуткан жана адам укуктарын бузганы үчүн санкция киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу The National басылмасы билдирди.

«Биз палестиналык жарандарды коркутууга багытталган отурукташуучулардын чабуулдарын айыптайбыз. Күн өткөн сайын дээрлик жазасыз калган израилдик отурукташуучулар басып алынган Батыш жээкте зордук-зомбулукту тутандырып, тынчтыктын бардык мүмкүнчүлүктөрүн коркунучка салууда», – деп жазды Боррелл Х социалдык медиада.

Белгиленгендей, Боррелл сөз кылып жаткан конкреттүү министрлердин атын атаган жок, бирок Израилдин каржы министри Безалел Смотрих менен өлкөнүн улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвирди сынга алды.

Санкциялар боюнча сунуш бир нече күн мурун мүчө өлкөлөргө жөнөтүлгөн жана ЕБдин курамындагы 27 өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин саммитинде көтөрүлөт, деп билдирди Евробиримдиктин өкүлү The National басылмасына.

Смотрих менен Бен-Гвир Газа тилкесинин тургундарына гуманитардык жардам жеткирүүгө бөгөт коюуга чакырышты. Бен-Гвир бул ХАМАСты багынып берүүгө үндөйт деп үмүттөнөт, ал эми Смотрих барымтадагы израилдиктердин бошотулушуна алып келет деп үмүттөнөт. Израилдин каржы министри Газа тилкесин блокадалоо анын эки миллион тургуну ачарчылыктан өлсө да, моралдык жактан негиздүү деп атады.

Ошондой эле Смотрих менен Бен-Гвир ХАМАС менен элдешүүгө караманча каршы экени белгилүү болду.

Комментарий жиберүү