АКШнын президенти Жо Байден орус лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Украинага басып кирүүнүн кесепеттери тууралуу эскертти.
Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, мындай билдирүүнү АКШнын Ак үйү сайтына жарыялаган.
“Президент Байден Орусия Украинага басып кирсе, АКШ союздаштары жана өнөктөштөрү менен бирге чечкиндүүлүк менен Орусияга катуу жооп кайтарарын ачык айтты”, – деп жазылат билдирүүдө.
Ошондой эле, АКШ президенти шериктештери жана өнөктөштөрү менен макулдашып, дипломатияга даяр экенин, бирок “башка сценарийлерге” да даяр экенин баса белгилеген.
Президент Байден Орусиянын Украинага мындан аркы басып киришинен адамдар жапа чегип, Орусиянын позициясы алсырайт деп эсептейт.
Орусиялык маалымат каражаттары да Путин менен Байден телефон аркылуу Украина маселесин бир сааттай талкуулашканын жазып чыгышты.
Reuters агенттиги Путин Байден менен телефондо бир саатка жакын убакыт сүйлөшүп, Украинанын айланасында орус аскерлеринин топтолушуна байланыштуу кырдаалды талкуулаганын кабарлады.