Азирети Алиден (а.с) хадистер

Аллахтын пендеси жашоосунда эки нерсеге ишенүүгө жана байланууга болбойт: бири жыргалчылык жана ден соолук, экинчиси байлык жана муктажсыздык. Себеби бир мезгилде ден соолугу чың болушу мүмкүн, бирок күтүлбөгөн жерден ар кандай ооруларга кабылат. Же жакшы абалда жана мүмкүнчүлүктөрү бар адам күтүлбөгөн жерден бактысыз болуп, жакыр калат, – ошондуктан биз билебиз, дүйнө жана анын бардык мүмкүнчүлүктөрү эч нерсеге арзыбайт. Ыймандуу болгула, бир гана жакшы амал пайдалуу.

Мунафыктын үч белгиси бар: жалгыздыкта көңүлсүз жана шайсыз, ал эми адамдар арасында шайыр жана аракеттүү. Мактаса жакшы жана көп иштейт, сындаса начар иштейт.

Аллах Таала Өзүнүн пайгамбарларынын бирине вахий жөнөттү: Өз үммөтүңөргө айткыла: Менин душмандарымдын кийимин кийбегиле жана душмандарымдын тамак-ашын жебегиле жана менин душмандарымдын кейпин кийбегиле, антпесе алар да менин душмандарым болуп калышат.

 Ар бир инсандын акыл-эси анын ой-пикирин жана идеяларын жетектейт; Ал эми акыл жүрөктүн жана анын ички дүйнөсүн жетектейт; Ал эми жүрөк беш сезимдин башчысы, ал эми сезим бардык тулку бой мүчөлөрдүн  башчысы.

Кимге башчысы жана кожоюну болом десең ага жакшылык кыл. Кимден муктажсыз болом десең, ошого окшош бол. Кимге муктаж болууну кааласаң, ошодон жардам сура, ошондо анын туткуну болосуң.

Эң сүйүктүү сый-урматтар – илим жана жетишкендик, анткени Кыяматты билип таанып, ырыскыны камсыздоо ошол аркылуу болот. Ал эми эң төмөнкү кордуктар – бул наадандык, анткени анын ээси дайыма дүлөй, дудук жана сокур болуп, бардык иштерде чаташып калат.

Аалымдар алдында бир саат отуруу  жана адамдын жаралышы менен кайра тирилүүсүн таануу – Аллахка миң жылдык ибадаттан да сүйүктүү болот. Аалымга кароо жана көңүл буруу “этикаф” менен Аллахтын үйүндө бир жыл ибадат кылуудан да жакшыраак. Аалымдарды зыярат кылуу жана жолугушуу Аллахка Каабанын айланасындагы жетимиш жолу таваф кылуудан да сүйүктүү жана  кабыл алынган жетимиш ажылык жана умрадан да жакшыраак. Ошондой эле Аллах ага даража берип, ага ырайым жана берекесин түшүрөт жана периштелер анын бейиштен экенине күбөлүк беришет.

Оо, Адам уулу, алдыда турган жана келе элек күндүн ырыскысына капа болбо, анткени сен аман болсоң жана жашасаң, Алла Таала ал күнү да сага ырыскысын берет.

 Ар бир инсандын баасы анын аракетине, ал эми ар бир адамдын кайраттуулугу жана күчү анын кечиримдүүлүгүнө жана боорукердигине, чынчылдыгы жана ыкластуулугу анын эр жүрөктүүлүгүнө, ар бир адамдын тазалыгы менен аруулугу анын дилгирлигине барабар болот.

Кимде-ким момун бир тууганынын оозунан шыпаа издесе, Аллах Таала кыяматка чейин ошол эки инсанга истигфар кылуу үчүн бир периштеге буйруган.

 Дүйнөдө эки тайпадан башка эч кандай жакшылык жок: биринчи тобу күн сайын мурункудан да жакшыраак кылууга аракет кылгандар. Экинчи топ – тообо кылып, өткөн каталарынан жана күнөөлөрүнөн уялып, кечирим сурагандар.

Албетте  эч кимдин тообосу кабыл болбойт, эгер ал биздин аруу “Ахли Бейтке” жана имамчылыкка ыйман келтирмейинче.

Адегенде бир тамчы кычкыл сууга айланып, акыры сасык өлүк болуп, өзү таштанды салган идиште калганы менен текебер, менменсигенге  мен таң калам.

Комментарий жиберүү