«Жылдын эң узак түнү». Бишкекте Ирандын улуттук майрамы «Шаб-е Ялда» белгиленет

Ирандын Кыргызстандагы элчилигине караштуу Маданий өкүлчүлүгү жыл сайын Бишкекте ирандыктардын байыркы «Шаб-е Ялда» (жылдын эң узак түнү) майрамын өткөрүп келет.

Бул жылы майрамдык иш-чара 20-декабрь күнү саат 18:30да борбор калаадагы Тарых музейинде өткөрүлөт.

Майрамдык иш-чарага борбор калаадагы ирандыктар жана кыргызстандыктар катыша алышат. Кирүү акысыз.

Маданий иш-чаранын алкагында ирандык окуучулар, перс тилин окуган студенттер перс акындарынын ырларынан үзүндү окушат, коноктор дасторконго жайылган мөмө-жемиштерден даам сызышат.

Ал эми 21-декабрда саат 19:00дө Тарых музейиндеги кино-лекциондук залында ирандык “Хиял” тобунун аткаруусундагы Ирандын салттуу музыкасынын концерти өтөт. Каалоочулар үчүн кирүү акысыз болот.

«Шаб-е Ялда» майрамы тууралуу

«Шаб-е Ялда» же «Челле түнү» – жылдын эң узун түнү катары бегиленүүчү ирандыктардын байыркы улуттук майрамы болуп саналат. Кыргызстанда аны кыштын эң суук кырк күнү «Чилде» деп аташат. Күздүн кетишин, кыштын келишин айгинелеген бул түнү ирандыктар бүт үй-бүлө мүчөлөрү менен чогулуп, өзгөчө майрамдашат.

Ялда түнү күз мезгилдин акыркы күнү күн баткандан баштап, кыш мезгилинин биринчи күнү күн чыкканга чейин майрамдалат, анткени бул күндөн баштап түн кыскара баштайт. Ирандыктар бул күнү кыш мезгилин тосушуп, өзгөчө жөрөлгөлөрдү өткөрүп, алдыда кыш жакшы болсо экен деп тиленишет.

Григориан календары боюнча бул күн 21-декабрдан 22сине караган түнү, ал эми Ирандын расмий календары боюнча 30-азардан 1-дей айына караган түнгө туура келет.

2008 – жылы Ялда түнү Ирандын улуттук баалуулук тизмесине расмий түрдө кирген.

XIII кылымдын аягында иран акыны Саади “Ялда түнү бүтмөйүнчө чыныгы таң атпайт” деп жазган.

Бул майрамдын дагы бир чоң өзгөчөлүгү ирандыктар өзгөчө дасторкон жайышат. Дасторкондун үстүн ар кандай тамактарга, мөмө-жемиштерге жана кургатылган мөмөлөргө, өзгөчө анар, дарбыз жана башкалар менен толтурушат. Дарбыз – бул түндүн эң негизги жемиши. Бул түнү дарбыз жеген адамдын жыл бою ден-соолугу чың болуп, оору-сыркоодон алыс болот деп ишенишет. Ошондой эле перс акындарынын, өзгөчө Хафиздин ырларын окушат.

“Шаб-е Ялда” майрамы бир гана Иранда эмес, ошондой эле кошуна өлкөлөр Ооганстанда, Тажикстанда жана башка дагы бир катар өлкөлөрдө белгиленет.