Украинанын президенти Владимир Зеленский Россия менен “1200гө 1200” формуласы боюнча туткунга алынган аскер кызматкерлерин алмашуу боюнча келишимге жетишкенин жарыялады.
Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram-каналында билдиргенин Kommersant.ru басылмасы жазды.
“Негизги маселелердин арасында туткундарды алмашууну улантуу бар. 1200 адамды алмаштыруу боюнча келишим түзүлдү, тизмелер боюнча иштер жүрүп жатат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин катчысы россиялык өкүл менен байланыш тууралуу маалымат берди”, – деди Зеленский.
Анын айтымында, Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Рустем Умеров россиялык өкүл менен болгон байланыш тууралуу маалымат берген.
5
Ал эми Россиянын делегациясынын башчысы Владимир Мединский эки тараптан 250 адам кайтып келгенин тактады. Ошол эле маалда ал Россия Украинага эки тараптан кеминде 1200 адам алмашууну сунуш кылганын билдирди.
Эскерте кетсек, 23-июлда Түркияда Москва менен Киевдин өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү айлампасы болуп, Россия менен Украинанын делегацияларынын жолугушуусу 40 мүнөткө жакын созулган.