Украинанын президенти Владимир Зеленский Украина Батыш союздаштарынан F-16 согуштук учактарынын биринчи партиясын алганын ырастады.
“F-16 Украинада. (Украиналык учкучтар – ред.) аларды биздин өлкө үчүн колдоно башташты. F-16 менен чындап жардам берип жаткан бардык өнөктөштөргө жана учактарды берүү өтүнүчүбүздү кабыл алган биринчи мамлекеттер Дания, Нидерланд жана АКШга ыраазычылык билдирем”, – деп жазды ал Telegram каналында.
Бирок ал Украина так канча учак алганын жана алардын жайгашкан жерин тактаган жок.
Видеоплеер
00:00
03:09
Зеленский ошондой эле украиналык учкучтар менен сүйлөшүп жаткан видеосун жарыялады. Кадрдан анын артынан F-16 учактарын көрүүгө болот.
Буга чейин The Economist журналы Украина батыш өлкөлөрүнөн 10 F-16 согуштук учактарын алганын, жыл аягына чейин алардын саны 20га чейин көбөйөрү пландалып жатканын жазган.
Буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин Киевге жаңы курал-жарактарды, анын ичинде F-16 учактарын жеткирүү фронттогу кырдаалды өзгөртпөрүн, тескерисинче, жаңжалдын созулушуна алып келерин билдирген.