Кыргыз өнөр жайы жана ишкерлер союзунун президенти Данил Ибраев ЕАЭБ менен Ирандын убактылуу эркин соода келишими жакшы натыйжа көрсөткөнүн Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Евразиялык экономикалык биримдик менен Ирандын ортосундагы толук масштабдуу эркин соода келишими Кыргызстанга көп мүмкүнчүлүк ачат жана өлкө үчүн абдан керектүү келишим.
“Келишимдин негизинде көптөгөн товарларга бажы алымы жок болот. Ушундай жеңилдетилген шартта ЕАЭБден, анын ичинде Кыргызстандан Иранга товарлар жөнөтүлөт. Ошондой эле ал жактан да кайра жеңилдетилген шартта товарлар келет. Кыргызстан деңизден алыс өлкө. Бирок темир жол же автоунаа менен ташып, Өзбекстан, Түркмөнстан, Иран аркылуу портторго чыкса болот. Өзгөчө Бендер-Аббас портуна. Аталган порттун аймагынан атайын макам менен Кыргызстанга жер бөлүп, шарт түзүп берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, — деди Ибраев.
Ошондой эле ал Иран жана Перс булуңундагы өлкөлөргө бара турган жана ал жактан келе турган товарлар Кыргызстан аркылуу өтүүсүн камсыздоо иштери жүрүп жатканын белгиледи.
“Контейнер менен бара турган товарлар арзан жана бат өтсүн деп төрт өлкөнүн темир жолунун жетекчилери кол коюшту. Иран менен катар Перс булуңундагы өлкөлөргө бара турган товарлар да Кыргызстан аркылуу өтүшүнө аракет кылып жатабыз. Муну менен катар Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу курулуп бүтсө биздин өлкө үчүн абдан чоң мүмкүнчүлүктөр ачылат. Андыктан бул келишим бизге абдан керектүү”, — деди Ибраев.
Ал Ирандын товарлары да биздин рынокко келерин, демек, атаандаштык күчөп, буга даяр болуу керектигин кошумчалады.