Израилде массалык иш таштоо башталды

Израилде Палестинанын ХАМАС кыймылынан Газа тилкесинде барымтага алгандарды бошотуу талабы менен миңдеген адамдар иш таштоодо, деп билдирет Би-Би-Си.

1-сентябрдын кечинде демонстранттар Иерусалимдин кире беришин тосуп алышкан. Израилдин борбору Тель-Авивде да он миңдеген жарандар массалык иш таштоого чогулушту. Нааразылык акциялары жана иш таштоо Израил армиясы Газа тилкесинде барымтадагы алты адамдын сөөгүн тапкандан кийин болду.

Демонстранттар Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен анын өкмөтүн ХАМАС менен келишимди кечеңдетип жатат деп айыпташууда.

Израилдин “Гистадрут” профсоюздар федерациясы дүйшөмбү күнү өлкөдө жалпы иш таштоо жарыялады. Федерациянын башчысы Арнон Бар-Дэвид барымтадагыларды бошотуу боюнча келишим «баардыгынан маанилүүрөөк» экенин айтты.

«Газанын туннелдеринде жөөттөр өлтүрүлүүдө. Муну түшүнүү мүмкүн эмес жана аны токтотуу керек», – деди ал Тель-Авивдеги басма сөз жыйынында.

2023-жылдын 7-октябрында палестиналык ХАМАС тобу Израилге кол салган. Согушкерлер ошондой эле 200дөн ашуун адамды барымтага алып, Газа тилкесине алып кетишкен. Палестиналык туткундарды алмаштыруунун алкагында Израилдин абактарынан барымтадагы 100дөн ашуун адам бошотулду.

Комментарий жиберүү