Израиль режиминин армиясында 1000ден ашуун офицер, алардын арасында запастагы жана кызмат өтөп жаткан аскерлер өкмөт менен Израилдин армиясынын башкы штабынын башчысын Газадагы согушту токтотууга жана барымтага алынган израилдиктерди бошотууга чакырган ачык кат даярдап жатышат. Алар бул согушту “адеп-ахлаксыз” жана “саясий кызыкчылыктарга кызмат кылат” деп мүнөздөштү.
ISNA агенттигинин билдирүүсүнө караганда, каттын уюштуруучулары бул кайрылууну учурдагы жана мурдагы армия офицерлерине жөнөтүп, 1200гө жакын кол топтошкон.
“Биз, Израил армиясынын учурдагы жана мурдагы запастагы офицерлери менен командирлери, өкмөт менен Башкы штабдын башчысынан Газадагы саясий согушту токтотууну жана бардык туткундарды тез арада кайтарууну талап кылабыз”, – деп айтылат катта.
Кайрылууда согуштун улануусу элдин көпчүлүгүнүн каалоосуна каршы келери, барымтадагы адамдардын, аскерлердин жана карапайым тургундардын өлүмүнө алып келиши мүмкүн экени, ошондой эле согуш кылмыштарына да жол ачышы ыктымал экени эскертилет.
“Бул согуш Газаны басып алууга жана Израил коомунун кичинекей азчылыгынын Израилди колдогон көз караштарын ишке ашырууга даярдык”, – деп кошумчаланат катта.
Каттын авторлору өткөн айда да ушундай мазмундагы кайрылуу жасап, согуштун токтотулушу менен коштолсо да туткундардын бошотулушун талап кылышкан. Ал катка Израилдин аба күчтөрүнүн миңге жакын мүчөсү, анын ичинде запастагы кызматкерлер да кол койгон. Кээ бир кол койгондор штаб башчысынын жана аба күчтөрүнүн башчысынын чечими менен кызматтан алынган.
Кийинчерээк атайын багыттагы бөлүктөр менен жөө аскер бөлүктөрүнүн 1500дөй ардагерлери дагы бир кат менен кайрылып, туткундардын токтоосуз бошотулушун талап кылышкан. Бул жолкусунда да алар бул талап согуштун токтотулушу менен аяктаса да, ишке ашырылышы керек экенин белгилешкен.
Ал катта мындай деп жазылган: “Азыркы учурда бул согуш коопсуздук эмес, саясий жана жеке кызыкчылыктар үчүн улантылууда. Анын улантылышы жарыяланган максаттардын бирине да жетүүгө жардам бербейт жана туткундардын, аскерлердин, карапайым элдин өлүмүнө жана запастагы күчтөрдүн начарлашына алып келет”.
Апта башында армияда кызмат өтөөдөн баш тарткан запастагы аскер 20 күнгө эркинен ажыратылган. Ал согушка каршы чыгып, кызматка баш тарткандыгы үчүн камалган экинчи офицер болуп калды. Ал түрмөгө кирер алдында мындай деген: “Газадагы аягы көрүнбөгөн согуш, туткундарга кайдыгер мамиле жана бейкүнөө адамдардын үзгүлтүксүз өлүмү мени терең капа кылды. Эгерде өзгөрүү болбосо, моралдык жактан кызматты уланта албайм. Түрмө мени да, досторумду да коркута албайт жана унчукпай калтыра албайт”.