Израилдин блокадасына каршылык. Тунистен жолго чыккан миңдеген активисттердин кербени Газага бет алды

Израилдин Палестина аймагын блокадалоосуна каршылык көрсөтүү максатында Тунистин борбор шаарынан Газа тилкесине автобустар жана жеке унаалар кербени жөнөп кетти. Миңдеген активисттердин кербени жолго 9-июнда чыккан.

ЖМКлар маалымдашкандай, акциянын уюштуруучулары Газага түздөн-түз жардам жеткирүү максаты жок экенин, бирок гуманитардык кризиске дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруу үчүн блокаданы бузуу түрүндө “символикалык кадам” жасоону көздөшкөнүн билдиришти.

“Сумуд” деп аталган кербен Тунистеги Палестинаны колдоо боюнча биргелешкен аракеттердин координациялык комитетинин колдоосу менен уюштурулуп, ага болжол менен 2000дей адам – саясатчылар, укук коргоочулар, дарыгерлер жана журналисттер кирди. Жолдо аларга Мавритания, Марокко, Алжир, Ливия жана Египеттен активисттер кошулары күтүлүүдө.

 

Кербендин өкүлү, тунистик дарыгер Мухаммед Амин Беннурдун айтымында, алар Тунистен жолдон калган катышуучуларды алып, андан соң Ливия аркылуу – Триполи, Мисурату, Сирт, Бенгази жана Тобрук шаарларынан өтүп, Египеттеги Эс-Саллум чек ара өтмөгүнөн кирип, Каир аркылуу Рафах чек арасына келишет.

Ал белгилегендей, бул кербен – эл аралык кыймылдын Израилге басым жасоо боюнча аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат.

“Бул – 30дан ашык өлкөдөн, анын ичинде Европадан, Түштүк Американдан жана Түштүк-Чыгыш Азиядан келген активисттер катышкан глобалдык демилгенин бир бөлүгү. Биз өз аракетибизди Газага кургактыктан, деңизден жана абадан бараткан башка топтор менен координациялап жатабыз. Биздин максатыбыз Газага кургактыктан жетип, ал жакта болуп жаткан окуяларга дүйнөнүн көңүлүн буруу. Жолдо акцияларды жана тилектештик иш-чараларын өткөрөбүз”, – Амин Беннур.

Кербен 11-июнга караган түнү Тунис менен Ливиянын чектешкен “Рас-Джедир” чек ара бекети аркылуу Ливияга киргенин Anadolu агенттиги маалымдады. Колоннаны жүздөгөн ливиялыктар тосуп алышып, миссияга тилектештигин билдиришти. Кербенге ливиялык активисттер да кошулганы маалымдалды.

Жолго жалпысынан 12 автобус жана 100дөн ашык жеңил унаа менен миңден ашык активист чыккан.

Эске салсак, буга чейин Газага гуманитардык миссия менен бара жаткан швед экоактивисти Грета Тунберг жана башка ыктыярчылардын “Мадлен” аттуу гуманитардык кемеси Жер Ортолук деңизде Израилдин Аскер-деңиз күчтөрү тарабынан кармалган.

“Эркиндик флотилиясы” кемеси Израилдин блокадасын бузууну, Газага гуманитардык жардам жеткирүү жана анклавдагы оор кырдаал тууралуу дүйнөлүк коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууну максат кылган. Бирок Израил алардын ишин үзгүлтүккө учуратып, активисттерди өз мекенине жөнөткөн.

2025-жылдын 18-мартына караган түнү Израилдин коргоо армиясы Газа тилкесине кайрадан аба соккуларын жасай баштаган. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бул чечимди ХАМАС уюмунун АКШнын тынчтык сунушун кабыл алуудан баш тартканы менен түшүндүргөн. 1-мартта расмий түрдө ок атышпоо мөөнөтү бүткөн. Израил гуманитардык жардам жүктөрүнүн анклавга киришин токтоткон.

Газада гуманитардык абал күн сайын начарлап баратат. Израиль үч айдан ашуун убакыттан бери блокаданы улантып, аймакка азык-түлүк, суу, дары-дармек жана отун жеткирүүнү олуттуу чектеп келет. Эл аралык уюмдар коңгуроо кагып, гуманитардык кризистин масштабын дүйнөгө жеткирүүгө аракеттенишүүдө. Эксперттер кошумча жардам жеткирилбесе, Газа ачарчылыкка дагы дуушар болоорун эскертишүүдө.

Май айынын ортосунда Израиль Газадагы блокаданын айрым шарттарын жеңилдетип, аз сандагы гуманитардык жардамдын киришине уруксат берген. Бирок Газага кирип жаткан жардам жетишсиз болууда. Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын башчысы Синди Маккейн буга чейин Газа тилкесиндеги кырдаал катастрофалык экенин, гуманитардык жардам ташыган жүк унаалары бул аймактын керектөөсүнүн алдында океандагы бир тамчы гана экенин айткан.