Израилдин Коргоо күчтөрүнүн Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнистеги “Насер” ооруканасына жасаган соккусунан төрт медиа кызматкери набыт болду. Бул тууралуу анклавдын басма сөз кызматынын Telegram каналында жарыяланган билдирүүдө айтылат.
Өлгөндөрдүн арасында:
- Телеканалдын оператору Мохаммед Салама;
- блогер Мариям Абу Дикка;
- NBC телеканалында иштеген журналист Муаз Абу Таха;
- Reuters агенттигинин фотожурналисти Хуссам аль-Масри.
25-августта Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин аскерлери “Насер” ооруканасына эки жолу сокку урганын кабарлады. Биринчи снаряд имараттын төртүнчү кабатына тийгени айтылды. Экинчи сокку куткаруучулар урандыларды тазалоо жана жабыркагандарды издөө үчүн окуя болгон жерге келгенден кийин болгон.
Министрликтин маалыматы боюнча, жалпысынан сегиз адам каза болду.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус 9-июнда “Насер” Газа тилкесинин түштүгүндө иштеп жаткан жападан жалгыз мамлекеттик саламаттыкты сактоо мекемеси экенин билдирди.
Эске салсак, 11-августта “Al Jazeera” телеканалы кабарчылары Анас аш-Шариф менен Мохаммед Крейке, ошондой эле операторлор Ибрагим Захер, Мохаммед Нуфал жана Моамен Алива Израилдин Газадагы чабуулунан набыт болгонун билдирген. Мындан тышкары, палестиналык “Sahat” медиа платформасынын кабарчысы Мухаммед аль-Халиди да каза болгон. Кол салуу болгон учурда алар “Аш-Шифа” ооруканасынын кире беришинде жайгашкан журналисттердин чатырында болушкан.
Бул окуя дүйнө коомчулугунун катуу реакциясын жаратып, эл аралык уюмдар менен мамлекеттер Израилди айыптап, түшүндүрмө талап кылышкан.