Израилдин Иранга каршы агрессиясы: 70тен ашуун аялдар жана балдар каза болду

Израилдин Иранга жасаган үч кол салуусунда 70тен ашуун аялдар жана балдар каза болгонун Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багаи билдирди.

“Израилдин агрессордук режими өзүнүн пропагандасында анын чабуулдары так жана турак жайларга кол салбастан жасалгандай түр көрсөтүүдө, бирок чындык башка. Израилдин Иранга үч жолу кол салуусунун натыйжасында 70тен ашык аялдар жана балдар каза болду. Тегерандын Чамран районунда кол салуу болгон имараттын урандылары астында калган 20 баланын ону дагы деле чыгарыла элек! Агрессордук режим туура айтат: израилдиктер аялдарга жана балдарга атайылап кол салууда, бул жапайычылык алар учун адат болуп калды. урандылардын астынан Агрессордук режим туура айтат: алар (израилдиктер – ред.) атайылап – аялдарга жана балдарга кол салууда, бул жапайычылык алар үчүн адат”, – деп жазды Багаи өзүнүн Х социалдык тармактагы баракчасына.

Күн мурун Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий өкүлү Хоссейн Керманпур Израилдин Ислам Республикасынын аймагына жасаган чабуулдары башталгандан үч күн өтпөй Иранда бир жарым миңдей киши жарадар болгонун, анын ичинен 220дан ашыгы каза болгонун билдирген. Керманпурдун айтымында, курман болгондордун 90%дан ашыгы жай тургундар.

Тема боюнча

13-июнга караган түнү Израилдин Коргоо күчтөрү (ЦАХАЛ) Иранга каршы масштабдуу операция баштап, аба күчтөрү Ирандын аскердик объекттерине жана өзөктүк программасынын объектилерине сокку урду. Израилдин аба күчтөрү Ирандын ар кайсы аймактарында, анын ичинде Тегеранда бир нече чабуулдарды жасап, анда Ирандын бир нече жогорку даражалуу аскер кызматкерлери, анын ичинде Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командачысы, ошондой эле бир катар физик окумуштуулар каза болушту.

Израилдин соккусу өлкөдөгү бир нече өзөктүк объектилер, анын ичинде Натанз жана Фордо, ар кайсы аймактарындагы ирандык аскерлердин позицияларына ошондой эле турак жайларга жасалды.

Буга байланыштуу Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи мекендештерине жолдогон кайрылуусунда Израилдин Иранга жасаган соккусун кылмыш деп атап, Израилди “ачуу жана коркунучтуу тагдыр” күтүп турганын айтты. Ошол эле күнү кечинде Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ислам Республикасы Израилдин соккусуна жооп иретинде Израилдеги аскердик буталарга карата “Чындык убада 3” операциясын баштаганын билдирди. Анын алкагында Израилди көздөй жүздөгөн баллистикалык ракеталар учурулду.

Ирандын жооп ирээтиндеги соккудан Израилде кеминде үч адам каза болуп, 67 адам жаракат алганын “Маген Дэвид Адом” тез жардам кызматына таянуу менен “Times of Israel” гезити жазды.