Израил Иордан дарыясынын Батыш жээгинин 82% аймагын аннексиялоого тийиш. Мындай планды жөөт мамлекетинин каржы министри жана ошол эле учурда өлкөнүн Коргоо министрлигинде палестин аймактарындагы конуштар үчүн жооп берген Бецалель Смотрич сунуштады.
Россиялык ТАСС агенттиги маалымдагандай, ультраоңчул “Диний сионизм” партиясынын лидери болгон министрдин версиясы боюнча, Израилдин “өз жеринин бардыгына библиялык, тарыхый жана моралдык укугу бар.
Анын айтымында, Батыш жээктин чоң бөлүгүнө израилдик суверенитетти жайылтуу идеясы израилдиктердин арасында кеңири колдоого ээ.
“(Батыш жээкке израилдик) суверенитетти жайылтууну жактаган кеңири консенсус биздин жаныбызда экзистенциалдык коркунучтун тамырлашына эч качан жол бербей турганыбызды терең түшүнүүнүн түздөн-түз натыйжасы болуп саналат. Он жылдаган күмөндөрдөн кийин муну так айтып, ылайык чараларды көрчү убакыт келди. Израилдик суверенитетти Иудея менен Самарияга (Израил Батыш жээги үчүн колдонгон аталыш – ред.) жайылтып, өлкөбүздү бөлүү жана анын борборунда террористтик мамлекет түзүү идеясына биротоло чекит коюучу учур келди”, – деп белгилеген Смотрич The Times of Israel басылмасы аркылуу.
Анын айтымында, акыркы айларда Коргоо министрлигине караштуу конуш маселелери боюнча профилдик ведомство Батыш жээкти бөлүштүрүү картасын иштеп чыккан. Анын принциби: Израил “мүмкүн болушунча көп жерди, бирок палестин калкы мүмкүн болушунча аз болгон аймактарды көзөмөлгө алышы керек”.
“Бизди жок кылууну каалаган калкка өз суверенитетибизди жайылтууга ниетибиз жок”, – деп түшүндүрдү ал.
Ал Израилдин суверенитети бул аймактын болжол менен 82%ына жайылтыларын кошумчалады.
Смотрич палестиндер боюнча пландарга токтолуп, аларга белгилүү бир өз алдынча башкаруу формасы берилерин айтты. Бирок ал Палестинанын Улуттук администрациясын акырындык менен жоюп, аны “аймактык жарандык башкаруу альтернативасы” менен алмаштырууну сунуштады.
Министр ошондой эле Батыш жээкти мүмкүн болчу аннексиялоо көптөгөн мамлекеттер тарабынан Палестин мамлекеттүүлүгүн таануу демилгелерине каршы алдын алуу кадамы болорун баса белгиледи.
“Израилдин чечкиндүүлүгүнүн жоктугу бизге каршы чабуулдарды күчөтүүдө. Бул чабуулдарды токтотуунун жолу – күмөн саноону токтотуп, ачык айтуу керек: Иудея жана Самария – талаштуу аймак эмес, бул биздин ата-бабаларыбыздан мурас. Палестин мамлекети биздин жерибизде эч качан болбойт жана боло албайт. Биз мындан ары коркутууларга баш ийбейбиз. Эгер Палестина администрациясы көтөрүлүп, бизге зыян келтирүүгө аракет кылса, биз аны ХАМАС сыяктуу эле жок кылабыз”, – деп коркутту Смотрич.
Буга чейин Израил бийликтери Палестинаны айрым батыш мамлекеттери тарабынан таанылышынын ыктымал толкунуна жооп иретинде басып алынган Батыш жээкти аннексиялоо вариантын карап жатышканы маалымдалган.
Сентябрдын аягында БУУнун Башкы Ассамблеясында Франция, Улуу Британия, Австралия, Канада жана Мальта Палестина мамлекетин таанууну убада кылышкан. Андан кийин Батыштын ондон ашык өкмөттөрү дүйнө жүзүндөү башка өкөлөрдү да ушундай аракетке чакырышкан. Аларга кийин Бельгия кошулган. Мунун фонунда АКШнын Мамлекеттик департаменти 29-августта Палестина автономиясынын лидери Махмуд Аббаска жана башка жогорку даражалуу аткаминерлерге Нью-Йорктогу ассамблеяга катышууга жол бербөө үчүн аларга АКШ визасын бербей же жокко чыгара турганын жарыялады.
Палестинаны учурда БУУга мүчө 193 мамлекеттин 147си тааныйт.
Перс булуңундагы өлкөлөрдүн кызматташтык кеңеши Израил министринин Батыш жээкти аннексиялоо боюнча билдирүүсүн айыптады
Перс булуңундагы өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Жассим Мохаммед аль-Будайви израилдик министрдин Батыш жээкти аннексиялоо тууралуу билдирүүсүн айыптап, аны “кооптуу жана шектүү” деп атады.
“Бул провокациялык билдирүүлөр оккупациялык режимдин аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту бузууга, ошондой эле тынчтыкка болгон мүмкүнчүлүктү алсыратууга багытталган үзгүлтүксүз жана максаттуу мамилесин чагылдырат. Бул – эл аралык келишимдерди ачык бузуу жана бардык мыйзамдар менен макулдашууларды одоно көз жаздымда калтыруунун уландысы”, – деп айтылат маалыматта