Израилдин Ливандагы палестиналык качкындардын лагерине жасаган чабуулунда 11 киши набыт болду

Израилдин аба күчтөрүнүн Ливандын түштүгүндөгү Сайда шаарындагы палестиналык качкындардын лагерине жасаган соккусунан каза болгондордун саны 11ге жетип, дагы бир нечеси жарадар болду.

Бул тууралуу Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы өзгөчө кырдаалдар борборунан маалымдашканын Fars News агенттиги жазды.

Жаңыланган маалыматтарга караганда, Израилдин аба күчтөрүнүн чабуулу Сайда шаарындагы качкындардын Эйн аль-Хильва лагерине максатталган.

Буга чейинки маалыматтарда төрт жай тургун набыт болгону айтылган.

Al Jazeera телеканалы чабуулду пилотсуз учак жасаганын кабарлады.

Айрым маалымат булактары Израилдин бул операциясынын бутасы Палестинадагы ФАТХ кыймылынын жогорку даражалуу лидери Мунир ал-Кади болгонун айтышууда.

Израил армиясы бул чабуулда ХАМАСтын бир катар күчтөрү бутага алынганын ырастаган билдирүү таратты.

Айн аль-Хильва — Ливандагы палестиналык качкындардын 12 лагеринин эң чоңу болуп саналат, анда өлкө боюнча 250 миң палестиналыктын 80 миңдейи баш калкалайт.

Бир нече айга созулган үн катпоодон жана аракетсиздиктен кийин Ливандын өкмөтү жакында сионисттик режимдин кылмыштары боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешине арызданарын билдирди.

Ливандын бийликтери ок атышууну токтотуу жөнүндөгү келишимге карабастан Израил республиканын суверенитетин системалуу түрдө бузууну улантып жаткандыгын бир нече жолу белгилешкен. Учурда израилдик күчтөр Ливандын түштүгүндөгү беш стратегиялык жерде жайгашуусун сактап турат.

Израил армиясы өз кезегинде соккулар “Хезболланын” аскердик канатынын жетекчилигин жок кылуу үчүн аскердик инфраструктурасын бутага алып жатканын ырастоодо.