Израиль армиясынын аскердик операциясынын башталышынан улам бир жумада Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарынан 360 миңге жакын палестиналык чыгып кетти.
Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Жакынкы Чыгышта палестин качкындарына жардам берүү жана ишти уюштуруу агенттигинин (UNRWA, БАПОР) билдирди.
“Бир жума мурун эвакуациялоо боюнча биринчи чакырык жасалгандан кийин 360 миңге жакын адам Рафахты таштап чыгып кетишти”,-деп айтылат маалыматта.
Газа тилкесинин түндүк аймактарынын жашоочулары да аткылоодон качуу үчүн үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз экени белгиленген.
“Тилкедеги палестиналыктардын бара турган жери жок”, – деп баса белгиленет UNRWAнын X (мурдагы Twitter) баракчасынадагы билдирүүсүндө.
6-майда Израилдин армиясы Рафахтын чыгыш райондорунун калкын эвакуациялоого даярдыктар башталганын жарыялаган. 7-майда Израилдин Коргоо күчтөрү шаардын чыгышындагы кээ бир аймактарда аскердик операция башталганын жана Газа тилкесинин Египет менен чек арасындагы ушул эле аталыштагы чек ара бекетин көзөмөлгө алганын жарыялаган.
11-майда Израилдин аскерлери шаардын чыгыш бөлүгүндөгү кошумча аймактардын тургундарын гуманитардык аймактарга көчүүнү сунуштаган.
Операция Газа тилкесинде ок атууну токтотуу боюнча ортомчулардын аракеттери уланып жаткан учурда башталды.
Азыркы тапта Рафахта бир жарым миллионго чукул палестиндик баш калкалап турат.