Израилдин улуттук коопсуздук министри Галанттын кызматтан кетишин кубаттады

Израилдин улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир шейшембиде Израил Коргоо министрлигин жетектеп турган Йоав Галант менен аймактагы жаңжалды жеңе албасын айтты, деп билдирет Интерфакс.

«Мен премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун Галантты кызматтан алуу чечимин кубаттайм», – деп жазган Йнет Бен-Гвирдин сөзүн.

«Эски дүйнө таанымына катуу кармалып калган Галант менен жеңишке жетүү мүмкүн эмес болчу. Нетаньяху аны кызматтан кетирүү менен туура кылды», – деп кошумчалады ал.

Өз кезегинде Израилдин оппозициясы Нетаньяхунун чечимин сынга алды. Оппозиция лидери жана Израилдин мурдагы премьер-министри Яир Лапид израилдиктерди нааразылык акциясына чыгууга чакырып, Нетаньяхуну өзүнүн саясий позициясын бекемдөө үчүн “Израилдин коопсуздугун саткан” деп айыптады.

Израилдин Коргоо күчтөрүнүн (IDF) Башкы штабынын мурдагы башчысы, азыркы Кнессеттин мүчөсү Бенни Ганц Нетаньяхунун чечими “улуттук коопсуздукка зыян келтирүүчү саясат” деп белгиледи. IDF штабынын начальнигинин мурдагы орун басары, Демократиялык партиянын лидери Яир Голан университеттердин жана колледждердин жетекчилерин, бизнес коомчулугунун лидерлерин жана Израилдин жарандарын ишти токтотуп, көчөгө чыгууга чакырды.

«The Times of Israel» гезитинин жазганына караганда, Тель-Авивде жана Иерусалимде жүздөгөн демонстранттар Галанттын кызматтан кетишине каршы нааразылык билдирүү үчүн чогула башташты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *