Израилдин чабуулунда өлтүрүлгөн ирандык генерал Мухаммад Багери ким эле?

Ирандын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы генерал Мохаммад Багери 65 жаш курагында,  Израилдин Иран аймагына жасаган аскердик чабуулунда шейит болду.

Генерал Багери — Ислам революциясынын сакчылар корпусунун генерал-майору болуп, 2016-жылдан бери Иран Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчылыгын аркалап келген. Бул кызмат өлкөдөгү эң жогорку аскердик даража болуп саналат. Ал аталган корпустун курамында 45 жылга жакын убакыт тынбай кызмат өтөп, Ирандын аскерий стратегиясын калыптандырууда зор салым кошкон.

Бул макалада биз генерал Мохаммад Багеринин өмүр жолу жана аскердик карьерасы тууралуу кенен сөз кылабыз.

Мохаммад Багеринин өмүр баяны

Мохаммад Багери агасы жана эжеси менен

Мохаммад Багери катары белгилүү болгон Мохаммад Хоссейн Афшарди 1960-жылы Тегеранда төрөлгөн, бирок теги Чыгыш Азербайжандын Хадис огругунун Афшард кыштагынан болгон. Багери Ислам революциясынын сакчылар корпусунун чалгындоо жана операцияларынын биринчи жетекчиси болгон Хасан Багеринин (Голам Хоссейн Афшарди) бир тууганы болгон. Ал 2016-жылдан бери Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын начальниги (өлкөдөгү эң жогорку аскердик кызмат) катары кызмат өтөп келген. Ал шейит болгонго чейин ушул кызматта иштеген.

Багери “Тарбиат Модарес” университетинде окуу жайдын профессору катары да сабак берген.

Ал “Амир Кабир” университетинде машина куруу адистиги боюнча билим алган жана “Тарбиат Модарес” университетинде саясий география боюнча докторлук даражасын алган. Ал ошондой эле Улуттук коргонуу университетинин окутуучусу. Ал 2008-жылы генерал-майор наамына ээ болгон.

Багеринин балалыгы. Университеттен комитетке чейинки жол

Мохаммад Бакери 1978-жылы 18 жашында агасы Хасан менен чогуу Эшрат-абад гарнизонуна болгон чабуулга катышып, анда негизги ролду ойноп, комитет түзүлгөнгө чейин бир канча убакыт Саадабад сарайын кайтарышкан.

Революциянын жеңишинен бир жума өткөн соң, мектептер кайра ачылганда, ал лицейге кайтып барган. Бирок 1979-жылы жайында Иран революциясынын уюмдарынын бири болгон “Курулуш жихады” кыймылына кошулуп, ошол жылдын күзүндө университетке тапшырган. 1980-жылы университеттер убактылуу жабылгандан кийин Ислам революциясынын сакчылар корпусуна кошулуп, Ирак менен согуш башталганда фронтко кеткен.

Фамилиянын өзгөрүшү

Ал фамилиясынын Афшардиден Багериге өзгөрткөнүнүн себебин мындайча түшүндүргөн:

“Согуштун биринчи айында Ахвазга барып, Хузестандагы фронтко кошулдум. Агама фронтто анын аты-жөнү таанылбашы үчүн “Хасан Багери’ деген башка ат коюлган экен. Мен чыныгы атым менен жүрүүгө аракет кылдым, бирок биздин бет түзүлүшүбүз ушунчалык окшош болгондуктан, эл бизди дароо ага-ини экенибизди байкап коюшчу. Ошондуктан мен да атымды өзгөртүп, “Мохаммад Багери” деп калдым. Бул ысым агама болгон урматымдан улам азыркыга чейин сакталып калды.”

Аскердик карьерасы жана кызматтары

Генерал Багери Иран-Ирак согушунда Баас режимине каршы активдүү күрөшкөн. Ал Ирактын армиясына бир нече жолу оор жеңилүүлөрдү тарттырган. 2002-жылы 12 жыл бою Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын чалгын жана операция бөлүмүнүн орун басары болуп, ошол эле учурда Хатам ал-Анбия борбордук штабынын координаторунун орун басары да болгон.

Ал Иран-Ирак фронтунда жүргөн кезинде өзүнүн жогорку интеллекти жана чабуулдарды пландоо жана долбоорлоо чеберчилиги менен Ирактын аймагына 10 километр тереңдикте кирип барып, Саддам режимин оор жеңилүүгө учураткан. Ал 2016-жылдын 28-июнда Революциянын Жогорку лидери тарабынан Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы болуп дайындалган.

Үй-бүлөсү

Багери үй-бүлөлүү жана бир нече баланын атасы. Бирок анын жеке жана үй-бүлөлүк жашоосу тууралуу көп маалымат жок.

АКШ жана Европанын санкциялары

Багери 2019-жылы АКШнын Казына министрлигинин санкциясына кабылган. Ошондой эле 2022-жылы Европа Биримдиги да аны жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун “Шахед” аба өнөр жай компаниясын санкциялар тизмесине кошкон.

Генерал Багери Европа Биримдигинин санкциясына шылдың менен жооп берип, “Бүгүнтөн тартып мен Европа Биримдигине өзүмдүн бардык мал-мүлкүмдү таап, камакка алууга жана аларды өз жарандарына кышты оор өткөзбөшү үчүн көмүр сатып алууга колдонууга уруксат берем” деген.

Шейит болушу

Генерал Мохаммад Багери 2025-жылдын 13-июнунда Тегеранда Израилдин чабуулунда шейит болду. Бул чабуулда ошондой эле анын кызы Фереште Багери да каза болду. Фереште Багери “Defa Press” агенттигинин маданият боюнча кабарчысы болгон.