Израиль барымтадагы үч жаранынын ордуна 110 палестиналыкты бошотот

Израиль бүгүн, 30-январда 110 палестиналык туткунду, анын ичинде 30 жашы жете элек балдарды абактан бошотот. Бул тууралуу ЖМКлар палестиналык ХАМАС кыймылынын туткундар боюнча кеңсесине таянуу менен билдиришти.

Маалыматка караганда, Израиль бүгүн ок атышууну токтотуу келишиминин биринчи этабынын алкагында өмүр бою эркинен ажыратылган 32 палестинди, узак мөөнөткө кесилген 48 жана 30 жашы жете элек баланы бошотот.

Анын ордуна ХАМАС барымтадагы дагы үч израилдикти бошотмой болгон.

Бул Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу боюнча убактылуу келишим күчүнө киргенден берки үчүнчү мындай алмашуу болуп саналат.

Анын алкагында ХАМАСтын аскердик канаты болгон Аль-Кассам бригадалары израилдик барымтадагы Агам Бергерди Газа тилкесиндеги Жабалия лагериндеги Эл аралык Кызыл Крест комитетине өткөрүп берди. Муну Израилдин Коргонуу армиясы тастыктады. Алар кийинчерээк Бергер Израилдин аймагына жеткирилгендигин билдиришкен.

ХАМАС бүгүн дагы эки барымтадагыны – Арбель Ягуд менен Гади Мозесаны бошотот.

Мындан тышкары 7-октябрда барымтага алынган беш Таиланддын жараны да бошотулушу күтүлүүдө.

Палестинанын Газа тилкесиндеги жаңжалдын тараптары – Израиль менен ХАМАС кыймылы – Катар, Египет жана АКШнын ортомчулугу менен 19-январдан тарта 42 күнгө ок атышууну токтотууга макулдашкан.

Келишимдин биринчи этабы 1000дей палестиналык туткундун ордуна барымтадагы 33 израилдикти бошотууну камтыйт. Израиль аскерлери Газа тилкесинин чек арасына чейин чегиниши керек, бирок алар азырынча алардын чегинде кала берет. Ок атышууну токтотуунун биринчи күнүнөн тарта гуманитардык жардам жеткирүү күнүнө 600 жүк ташуучу унаага, анын ичинде күйүүчү май менен 50 унаага чейин көбөйөт. Палестиналыктарга 200 миң чатыр жана 60 миң мобилдик үй берилет.

Анын алкагында, буга чейин барымтадагы 7 израилдиктин ордуна Израиль 290 палестиналыкты бошоткон.