Израиль Батыш жээкте расмий түрдө жер каттоону баштады: Палестина чечимди айыптады

Израиль өкмөтү 15-февраль күнү Батыш жээкте жерлерди каттоо процессин баштоо боюнча бир катар министрлердин демилгесин жактырды. Бул тууралуу Kan мамлекеттик телерадиокомпаниясы билдирди. Маалыматта белгиленгендей, бул чечим 1967-жылдан бери кабыл алынган биринчи ушундай чечим болуп, палестин аймактарын аннексиялоого карай дагы бир кадам катары бааланууда.

«Өкмөт жекшемби күнү Иудея жана Самарияда (Израилде Батыш жээк Иудея жана Самария деп аталат) жерлерди каттоо процессин баштоону жактырды. Бул 1967-жылдан берки биринчи чечим болуп, аймакты аннексиялоого карай дагы бир кадам болуп эсептелет», — деп айтылат билдирүүдө.

Kan маалымдагандай, бул чечим Батыш жээктеги жер ээлиги боюнча талаштарды жөнгө салууга багытталган, анткени Израилдин мыйзамдары бул жердин көпчүлүк бөлүгү кимге таандык деген суроого так жооп бербейт. Ошол эле учурда эл аралык коомчулук жана БУУ бул аймактарды Израиль басып алган деп эсептеп, алар келечектеги палестин мамлекетинин курамына кириши керек деген позицияны карманат.

Маалыматка ылайык, Израилдин Юстиция министрлигине караштуу жер укуктарын каттоо башкармалыгына өзгөчө ыйгарым укуктар, кошумча бюджет жана кызматкерлер берилет. Анын алкагында мамлекеттик жана жеке жер тилкелери эсепке алынып, менчик укуктары текшерилип, юридикалык талаштар чечилет.

«Бул укуктук талаштарды жоюп, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жер соодасын тартиптүү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет», — деп айтылат маалыматта.

Палестина автономиясынын реакциясы

Палестинанын улуттук администрациясы Израил өкмөтүнүн Батыш жээкте жерлерди каттоо процессин баштоо тууралуу чечимин кескин айыптады.

Wafa агенттиги маалымдагандай, Палестинанын улуттук администрациясы бул чечим «олуттуу кесепеттерге» алып келиши мүмкүн экенин эскертти. Палестина жетекчилигинин пикиринде, Батыш жээкти Израил юрисдикциясындагы мамлекеттик аймак катары классификациялоо «коопсуздук жана туруктуулукка түз коркунуч жаратат».

Палестина бийлиги бул чара «оккупацияланган аймактарды аннексиялоого» көмөктөшөрүн белгилеп, ал «конуштарды мыйзамсыз кеңейтүү аркылуу оккупацияны бекемдөөгө багытталган пландардын ишке ашырыла башташын» билдирерин айтты.

Ошондой эле бул «бир тараптуу» чечимдер Израилге «Палестина мамлекетинин аймагында эч кандай мыйзамдуулук бербей турганын» жана Батыш жээктин, анын ичинде Чыгыш Иерусалим менен Газа секторунун укуктук жана тарыхый макамын өзгөртпөй турганын баса белгиледи.

Палестина автономиясы эл аралык коомчулукту, айрыкча БУУнун Коопсуздук Кеңешин, «Израилдин кооптуу аракеттерин токтотууга» жана «эл аралык укук менен мыйзамдуу резолюцияларды сактоого мажбурлоого» чакырды.