Израиль Бейрутка жана Түштүк Ливанга сокку урду. Чек арадагы эскалация

Израиль Ливандын борборуна сокку урду. Чабуул Ливан-Израиль чек арасындагы кырдаалдын курчушунун фонунда, Ливандагы “Хезболла” кыймылынын мүчөлөрүнүн миңдеген байланыш аппараттарынын жарылуу толкунунан кийин болду. Бул үчүн кыймылдын өкүлдөрү жана Ливандын бийликтери Израилди айыпташты.

Израиль армиясы ошондой эле түндүк багытта аскердик операцияларын күчөтүп, Түштүк Ливандагы “Хезболланын” буталарына массивдүү авиачабуулдарды баштады.

Ливан тараптан сокку уруу

  • “Хезболла” Израилдин Жогорку Галилея жана Голан дөңсөөлөрүндө жайгашкан аскерий базаларын  реактивдүү залп менен атуучу системалар менен аткылашты. Кечээки күндүн экинчи жарымында жалпысынан Израилдин аскерий позицияларына 130дан ашык ракета атылганы айтылат түзүмдүн билдирүүсүндө.
  • Израилдин Коргоо күчтөрүнүн маалыматы боюнча, аскерлер коңшу мамлекеттен 140ка жакын снаряддын учурулганын аныкташкан жана Израилдин түндүк аймактары массалык аткылоого дуушар болгон.

Израилдин Бейрутка жасаган чабуулу

  • Израилдин Коргоо күчтөрү Ливандын борборуна сокку урганын билдирди.
  • Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 8 адам каза болуп, 59у жарадар болгон, анын ичинде 8 ливандык оор абалда реанимацияда жатат.
  • “Аль-Кахира Аль-Ихбария” телеканалынын маалыматына караганда, эки турак жай кыйрап, куткаруучулар урандылардын астында калышы мүмкүн болгон адамдарды издөөгө киришти. Телеканалдын маалыматына караганда, сокку “Хезболланын” атайын операцияларга жооптуу адамы, талаа командири Ибрагим Акилди бутага алуу үчүн жасалган.
  • Өз кезегинде “Al Jazeera” телеканалы чабуул “Хезболланын” командирлеринин жыйыны өткөн штабга жасалгандыгы тууралуу маалымдады. “Al Wataniya” агенттигинин билдиргенине караганда, абадан сокку жасалган Эль-Жасум аймагы “Хезболланын” активисттери жана Ливан армиясынын аскерлери тарабынан курчоого алынган. Кол салуудан беш бала каза болгон. Өрттү өчүрүүгө Жарандык коргонуу кызматынын куткаруучулары тартылган.
  • ЦАХАЛ Ибрагим Акил жок кылынганын тастыктады. Израиль армиясынын маалыматы боюнча, соккудан “Хезболланын” элиталык бөлүгү болгон “Радван” бөлүгүнүн жогорку даражалуу командирлери да набыт болду. Армиянын басма сөз катчысы Даниэль Хагаринин айтымында, Израилдин аскерлери Бейрутка сокку урулгандан кийин ар кандай окуяларга даяр.

Ливандын түштүк райондоруна жасалган чабуул

  • Израилдин аба күчтөрү ошондой эле Ливандын түштүгүндөгү алты аймакта – Айтарун, Кфар-Килла, Мейс-эль-Джабаль, Эль-Эдейсе, Эт-Тейби жана Ярун конуштарынын айланасында “Хезболланын” буталарына жаңы бир катар соккуларды урду. Мындан тышкары, Израилдин артиллериясы Түштүк Ливандын бир катар райондорун аткылашкан.

Байланыш аппараттарынын жарылышынын кесепеттери

  • Ушул аптада, 17-18-сентябрда Ливандын ар кайсы аймактарында миңдеген пейджерлер жана рациялар жарылган. Расмий маалыматтар боюнча, 32 адам каза болуп, үч миңден ашууну жарадар болгон. Аппараттардын жарылуусуна эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Бирок “Хезболла” жана Ливан бийликтери окуя үчүн Израилди айыптады. Тель-Авив муну ырастаган да, четке каккан да жок.
  • Reuters агенттиги “Хезболланын” коопсуздук кызматынын анонимдүү булактарына таянып кабарлагандай,  пейджерлердин жардыруусунан кийин кыймыл башка аппараттардан да шектенип, бардык электрондук өнүмдөрдү тыкыр текшерүүгө киришкен, бирок 18-сентябрдагы рациялардын массалык жардырууларына  чейин бүтүрүрүп үлгүрүшкөн эмес.
  • Ал арада Ирандын Бейруттагы элчиси Можтаба Амани 17-сентябрда Ливанда массалык түрдө жардырылган пейджерлерди оорукана менен бала бакча кызматкерлери Израилдин аба чабуулдары тууралуу эскертүүлөрдү алуу үчүн колдонуп келишкен айтты. Пейджердердин жарылуусунан Амани өзү да жаракат алган.

Эл аралык реакция

  • БУУнун баш катчысынын өкүлү Стефан Дюжаррик Бейруттун четиндеги авиасоккуга  тынчсыздануусун билдирип, деэскалацияга чакырды.
  • Ирандын Ливандагы элчилиги Израилдин Ливандын борбору Бейруттун түштүк четиндеги райондоруна жасаган соккусун кескин айыптап, аны террордук кылмыш деп атап, курман болгондордун жакындарына көңүл айтты.
  • Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Россия Ливандагы кооптуу окуяларга терең тынчсызданып жатканын айтып, РФ тышкы иштер министрлиги пейджерлердин жарылышын гибриддик согуш катары баалай турганын белгиледи. Анын айтымында, кол салууну уюштуруучулар Жакынкы Чыгышта согуш чыгарууну көздөшкөн.
  • Сириянын Тышкы иштер министрлиги да Бейруттун чет жакасындагы кол салууну айыптап, Израиль акыркы күндөрдө Ливанга жасаган чабуулдары менен “адамзаттан ачыктан алыстаганын” көрсөтүп, адамзатка каршы кылмыш жасап жатканын билдирди. Ведомство ошондой эле  АКШ менен Батыш өлкөлөрүн “бул чабуулдарга аскердик жана моралдык колдоо көрсөтүп жатат” деп айыптады.
  • Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби Израиль АКШга Бейрутка сокку уруу ниети тууралуу алдын ала кабарлаган эместигин билдирди. Ал Кошмо Штаттар Жакынкы Чыгыштагы абалды жөңге салуу үчүн дипломатиялык күч-аракеттерди жумшоону улантып жаткандыгын баса белгиледи.

Комментарий жиберүү