Израиль Газа секторундагы согуштун максаттарына жетүүнү көздөп жатат. Согуштук аракеттерди дароо токтотуу Израилдин беш шарты аткарылган учурда гана мүмкүн экенин премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси билдирди.
Маалыматка ылайык, Израиль талап кылып жаткан шарттар төмөнкүлөр:
1. Бардык барымтадагы адамдардын — тирүүлөрдүн да, каза болгондордун да — бошотулушу;
2. ХАМАСтын куралсыздандырылышы;
3. Газа секторунун демилитаризациясы;
4. Сектордо Израилдин коопсуздук көзөмөлүнүн орнотулушу;
5. Израилге коркунуч жаратпаган альтернативалуу жарандык өкмөттүн түзүлүшү.
Нетаньяхунун кеңсеси бул билдирүүнү ХАМАС кыймылы 700 күндөн бери барымтада кармалып турган израилдик жарандын видеосун жарыялагандан кийин таратты.
«Эч кандай пропагандалык видео биздин чечкиндүүлүгүбүздү алсырата албайт жана коюлган максаттардан алагды кыла албайт», — деп белгиленди билдирүүдө.
Расмий маалыматтарга ылайык, учурда Газада 48 израилдик барымтада кармалууда, алардын жарымынан азы тирүү экени такталды.
«Гидеондун арабалары — 2» операциясы
21-августта премьер-министр Биньямин Нетаньяху Газа шаарына толук көзөмөл орнотуу жана ХАМАСты талкалоо боюнча жаңы операцияны бекиткен. Андан бир күн мурун израилдик аскерлер шаарга чабуулду башташкан. Армиялык радио «Галей ЦАХАЛдын» маалыматына ылайык, операция 2026-жылга чейин созулушу мүмкүн жана анын алкагында 130 миңге чейин резервист тартылары күтүлүүдө.
Өткөн айда Нетаньяху анклавдын бардык аймагын көзөмөлгө алуу планы бар экенин билдирип, кийин бул аймак жарандык өкмөткө өткөрүлүп берилиши мүмкүн экенин айткан.
Бир катар мамлекеттер, анын ичинде Египет жана Катар Израилдин бул кадамын айыптап чыгышты. Августтун ортосунда алар 60 күндүк ок атышууну токтотуу сунушун киргизишкен. Келишимге ылайык, 2023-жылдын 7-октябрында барымтага алынган израилдиктердин жарымы бошотулуп, алардын ордуна палестиналык туткундардын бир бөлүгү чыгарылышы керек эле. ХАМАС бул демилгени колдогон, бирок Тель-Авив азырынча жооп бере элек.