Израиль ок атышпоо келишими жарыялангандан кийин Газаны аткылап, натыйжада 70тен ашуун адам набыт болгонун Al-Aqsa телеканалы анклавдын жарандык коргонуу өкүлү Махмуд Басалга таянуу менен билдирди.
“Сионисттик оккупациялык күчтөр ок атышпоо келишими жарыялангандан кийин 71 кишини, анын ичинде Газа шаарында 61 кишини өлтүрүштү, – деди спикер.
Газа тилкесиндеги жаңжалдын тараптары – Израиль менен ХАМАС кыймылы – Катар, Египет жана АКШнын ортомчулугу менен ок атышууну токтотууга макул болушкан. Келишимдин 19-январдан тарта күчүнө кириши күтүлүүдө.
Бирок Израиль бүгүн келишимди бекитүүдөн баш тартып, премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси ХАМАСты “акыркы мүнөттө келишимди бузду” деп айыптады. Тель-Авив палестиналык кыймылдан ортомчулар аркылуу келишимдин чоо-жайын ырастоону талап кылды.
Өз кезегинде ХАМАСтын Саясий бюросунун мүчөсү Иззат ал-Ришк ок атышууну токтотуу келишимине берилгендигин ырастады.