Жогорку даражалуу израилдик расмий өкүл The Washington Post басылмасына берген маегинде Израиль Иран менен болгон согушту бийликти кулатпастан токтотуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирди. Анткени чексиз жана узакка созулган согушка кирип кетүү коркунучу негизги кооптонуу жаратууда. Бул билдирүү кырдаал барган сайын татаалдашып жатканын көрсөтөт: мындай шартта стратегиялык башкаруу чеберчилиги да, аскердик күч да маанилүү болуп калууда.
Бул тууралуу Al-Mayadeen телеканалы маалымдады.
Ошол эле учурда израилдик медиалар Иран бийлиги күн өткөн сайын туруктуураак болуп көрүнүп жатканын жазышууда. Эксперттер Тегеран узак мөөнөттүү чарчатма согушту жүргүзүүгө жөндөмдүү экенин белгилешет. Ирандын Ислам революциясынын сакчылар копусунун курамындагы Аэрокосмостук күчтөрдүн командири генерал-майор Мажид Мусави мындан ары салмагы 1 тоннадан аз болгон бир да ракета учурулбай турганын билдирди. Ошондой эле ракеталык чабуулдардын күчү, саны жана алыстыгы дагы көбөйөрү айтылды.
Чыңалуу Израилдин өзүнө түз таасир этүүдө. Израилдик маалымат каражаттары түндүк-батыш Галилеядагы Шомир жана Штула сыяктуу конуштарда кооптуу абал сигналдары жаңырганын кабарлашууда. Мындан тышкары, Израилдин борборундагы маанилүү объекттерге сокку урулгандыгы айтылууда. Өзгөчө тынчсыздандырган жагдай, Ливандан жасалган акыркы чабуулдарда Хезболла биринчи жолу так багытталган “жер-жер” классындагы ракеталарын колдонду. Натыйжада бир нече адам жаракат алган.
Дүйнөлүк деңгээлде болсо мунай рыногуна басым күчөп жатат. The Wall Street Journal маалымдагандай, америкалыктар азыр бензин үчүн өткөн жумага салыштырмалуу күн сайын кошумча 187 миллион доллар сарптап жатышат. АКШ президенти Доналдьд Трамп бааларды турукташтыруу үчүн мунай экспортун чектөө жана фьючерстик рынокторго кийлигишүү сыяктуу чараларды карап жатат. Ошол эле маалда Россия Ормуз кысыгы аркылуу өткөн мунай өндүрүшүнө байланышкан жеткирүүлөр кийинки айда толугу менен токтоп калышы мүмкүн экенин эскертти.
Жалпысынан кырдаал өтө чыңалган жана татаал бойдон калууда. Израиль ракеталык соккуларга, дрон коркунучтарына жана кризистин узак мөөнөттө күчөшү мүмкүн болгон сценарийлерине даяр турушу керек. Ал эми эл аралык коомчулук аймактагы экономикалык жана стратегиялык кесепеттерди кылдат байкап турат.