Израил Египет аркылуу палестиналык ХАМАС кыймылына Газа тилкесинде ок атышууну убактылуу токтотуу жана туруктуу элдешүүгө жетишүү үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоо сунушун берди.
Бул тууралуу египеттик “Аль-Кахира аль-Ихбария” телеканалы булактарга таянуу менен билдирди.
Алардын маалыматына караганда, Каир Израилдин демилгеси тууралуу ХАМАСты кабардар кылды жана жакынкы аралыкта алардын жообун күтүп жатат. “Al Hadath” телеканалы Израиль тарап койгон шарттардын бири ХАМАСты куралсыздануусу экенин билдирди.
Египет Газа тилкесинде убактылуу ок атышпоо боюнча Израилдин сунушун кабыл алып, палестиналык ХАМАС кыймылына өткөрүп берип, жооп күтүп жатканын египеттик “Al Qahera News” булактарына таянуу менен билдирди.
Күн мурун ХАМАСка жакын “Maan” маалымат агенттиги Израиль жаңыланган келишимдин алкагында анклавда ок атышпоо режимин калыбына келтирүүнү, барымтадагы 10 кишини анын ичинде Израилдин жана АКШнын жарандыгын алган Идена Александраны да бошотууну сунуштаганын кабарлаган. Жөөт мамлекети 45 күндүк элдешүү жөнүндө сөз кылып жатат, анын жүрүшүндө израилдик күчтөр Израилдин Газада марттын орто ченинде башталган операциясы маалында басып алган аймактардан чыгып кетүүгө тийиш. Ушул эле мезгилде анклавдын чек арасында блокададагы сектордун калкына гуманитардык жардам жеткирүү үчүн бир нече өткөрмө бекеттери ачылат.
ХАМАС менен Израиль тараптын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө ортомчу болуп жаткан Египеттин өкүлдөрүнүн айтымында, учурда талкууланып жаткан келишимдер Газада барымтага алынган 11 тирүү адамдын бошотулушуна жана каза болгон 16 барымтадагы адамдын сөөгүн өткөрүп берүүгө алып келиши мүмкүн.
Египет тарап мындай мүмкүнчүлүк макулдашылган ок атышууну токтотуунун мөөнөтүн 70 күнгө чейин көбөйтүү менен мүмкүн экенин, бул анклавда үстүбүздөгү жылдын июнь айынын башында боло турган мусулмандардын Курман айт майрамы аяктаганга чейин анклавда тынч абалды сактоого мүмкүндүк берерин билдирди.
Мындан тышкары, ок атышпоонун узартылышы ХАМАС менен израилдик тараптын ортосундагы согуштук аракеттерди биротоло токтотуу жана Газадан израилдик аскерлерди чыгаруу боюнча келишимдин үчүнчү этабы боюнча кыйыр сүйлөшүүлөрдү баштоого мүмкүнчүлүк берет.
ХАМАС сунушту алганын ырастады
Палестиналык ХАМАС кыймылы Газа тилкесиндеги ортомчулардан ок атышпоо сунушун алганын жана учурда документ менен таанышып жатканын бышыктады. Тиешелүү билдирүү кыймылдын Telegram каналында жарыяланды.
“ХАМАСтын жетекчилиги ортомчулар тарабынан берилген сунушту изилдеп жатат жана бардык зарыл консультациялар аяктагандан кийин жакынкы аралыкта ага жооп берет”, — деп айтылат билдирүүдө.
Кыймыл мурдагыдай эле ок атууну токтотууну, Газа тилкесинен израилдик аскерлерди толугу менен чыгарып кетүүнү, израилдик барымтадагыларды палестиналык туткундарга алмаштыруу боюнча келишимди ишке ашырууну, анклавды реконструкциялоону жана анклавдагы блокаданы алып салууну дагы эле талап кылып жатканын кошумчалады.
Израиль 18-мартта Газага жаңы чабуулун баштап, ХАМАСты АКШнын ок атышпоону узартуу жана Газада дагы эле барымтадагы 59 кишини бошотуу боюнча жаңы сунушун четке какты деп айыптаган. ХАМАС өз кезегинде Израилди январь айында жетишилген алгачкы келишимди бузду деп айыптаган.
Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы ок атышпоо келишими расмий 1-мартта аяктаган, бирок ортомчулардын Газадагы жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга тараптарды тартуу аракетинен улам аскердик аракеттер кайра жанданбай турган. Аскердик аракеттер жанданган бери Газадагы гуманитардык кырдаал кескин начарлап, 2-марттан бери тилкеге жардам киргиздирилбей жатат.