Израил аскерлери Батыш жээктеги рейд учурунда палестиналыктар менен кагылышты

Израилдин аскерлери  Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги оккупацияланган аймактардагы калктуу конуштарга жүргүзүлгөн рейд учурунда палестиналыктар менен кагылышты.

«Палестинанын үнү» радиостанциясынын маалыматына караганда, Батыш жээктин түндүгүндө, Тулькарм шаарынын чыгыш тарабында жайгашкан Кафр-эль-Лабад шаарында израилдик аскерлердин рейдинен кийин палестиналыктар менен израил аскерлеринин ортосунда кагылышуулар болгон.

Израил аскерлери палестиналыктарга каршы согуштук окторду жана жарык-үн гранаталарын колдонушкан. Ошондой эле Тубас шаарында палестиналык жаштар менен израил күчтөрүнүн ортосунда катуу кагылышуулар болгону кабарланды.

Палестинанын расмий WAFA агенттигинин маалыматына ылайык, израил армиясы Рамалланын түндүгүндө жайгашкан Турмус-Айя кыштагына көп сандагы аскердик техника менен рейд жүргүзгөн. Аскерлер калктуу конуштун борборунда жарык-үн гранаталарын жана көздөн жаш агызуучу газ колдонушкан.

Күбөлөр журналисттерге билдиргендей, израилдик аскердик бульдозерлер армия тарабынан жабылган негизги жолдорду айланып өтүү үчүн жергиликтүү тургундар жасаган көптөгөн  жолдорду тосуп салышкан. Бул жолдор Эль-Халилдин түштүгүндөгү Ятта шаарына алып барчу.

Израил тараптан жасалган мыйзам бузууларды байкап жүргөн активист Усама Мехамиранын айтымында, палестиналык жерлерди басып алган израилдик отурукташкандар Эль-Халилдин түштүгүндөгү Масафир-Ятта районунда палестиналык Фарид аль-Хамамиденин үйүнө кол салышып, ал жерде болгон адамдарга жана чет элдик активисттерге чабуул жасашкан.

Мехамира кошумчалагандай, рейд учурунда израил аскерлери жергиликтүү тургун Халид Ахмед аль-Хамамиденин кармап кетишкен.

Палестинанын мамлекеттик телеканалынын маалыматына караганда, израил армиясы ошондой эле Рамалланын түндүгүндөгү Бирзейт, Наблустун түштүгүндөгү Одла жана Бейт-Лахм провинциясындагы Такуа кыштактарында да рейддерди жүргүзгөн.