Израил БУУнун Жакынкы Чыгыш агенттигинин өз аймагында иштөөсүнө тыюу салды

Израил парламенти (Кнессет) БУУнун палестиналык качкындарга жардам көрсөтүү агенттигинин (БАПОР) Израилдин аймагындагы ишмердүүлүгүнө тыюу салган эки мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул тууралуу The Times of Israel басылмасы жазып чыкты.

“UNRWA Израил мамлекетинин эгемендүү аймагында эч кандай миссияларды аткарбайт жана эч кандай кызмат көрсөтпөйт”, – деп айтылат биринчи мыйзам долбоорунда.

Экинчи мыйзам долбоору БАПОРго берилген преференцияларды, анын ичинде салык жеңилдиктерин жана дипломатиялык статустарды алып салат жана бийликтерден агенттик менен болгон иш мамилелерин токтотууну талап кылат.

Эки сунушту тең 92 шайлоочу колдоду, 10у каршы добуш берди.

Израилдин премьер-министри Нетаньяху социалдык медиада “Израилге каршы террордук аракеттерге катышкан UNRWA кызматкерлери жооп бериши керек”,- деди.

Бирок UNRWA Израилдин Кнессетинин агенттикке тыюу салуу чечимин айыптап, бул БУУнун Уставына карама-каршы келген коркунучтуу прецедент түзөөрүн жана Израил мамлекетинин эл аралык укук боюнча милдеттенмелерин бузганын баса белгиледи.

Комментарий жиберүү