Израил Иран баллистикалык ракеталарды тездик менен өндүрүп жатат деп чочулоодо

Израиль Иран менен болгон 12 күндүк согуштан кийин Ислам Республикасы баллистикалык ракеталарды тездик менен өндүрүп жатат деп чочулап жатат.

“Fars News” агенттиги маалымдагандай, Израил парламентинин тышкы иштер жана коопсуздук боюнча  комитетинин докладында Иран Ислам Республикасы 12 күндүк согуштан кийин “баллистикалык ракеталарды өндүрүүнү жогорку темп менен баштаганы” белгиленген.

Израил армиясынын өкүлү бул маселени Кнессеттин тышкы иштер жана коопсуздук боюнча комитетинин жашыруун жыйынында көтөрүп, Иран баллистикалык ракеталарды күтүлгөндөн алда канча тездик менен чыгара баштаганын айтты.

Өткөн жумада Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) Перс булуңунда кеңири масштабдуу аскердик машыгуу өткөрдү. Машыгууда баллистикалык ракеталар, канаттуу ракеталар жана учкучсуз аппараттар колдонулуп, алар Оман деңизиндеги шарттуу буталарды так атып түшүрдү. Дрондор да “душмандын базалары” деп эсептелген макеттерди жок кылды.

Ислам революциясынын сакчылар корпусу машыгууларда жасалма интеллект технологияларын да колдонуп, региондогу АКШнын кемелерине эскертүүчү билдирүүлөрдү жөнөткөн.

Буга чейин Иран Тебризде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер менен биргеликте эл аралык машыгуу өткөргөн. Анын максаты — коңшуларга тынчтык жана достук сигналын берүү, ошондой эле Израилге кандайдыр бир жаңылыш аракеттердин кесепети оор болорун эскертүү болгон.

Иран 2025-жылдын июнь айында Израил менен болгон 12 күндүк согушта баллистикалык ракеталарды колдонуп, Израилдин ичиндеги буталарга сокку уруу үчүн абадан коргонуу системаларын тешип өтүү жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон “Хейбаршакан”, “Хадж Касем” жана “Сежил-2” сыяктуу жаңы так башкарылуучу ракеталарды колдонгон. Бул соккулар Израилдин Ирандын өзөктүк объектилерине жасаган чабуулдарына жооп болгон жана Ирандын ракеталык программасынын өнүгүшүн көрсөткөн.