Израил Йемендин борбору Сананын бир катар аймактарына абадан сокку уруп, андан кеминде алты киши каза таап, 86сы жарадар болгонун йемендик аскердик-саясий “Ансар Аллах” кыймылынын өкмөтүнүн саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Буга чейин төрт адам каза болуп, 67си жарадар болгону кабарланган.
“Акыркы маалыматтарга караганда, сионисттик (Израиль – ред.) агрессиянын курмандыктарынын саны алтыга көбөйүп, жаракат алгандардын саны 86га жетти”, – деди хуситтердин Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Анис аль-Асбахи X социалдык тармагындагы баракчасынан.
Буга чейин йемендик булак Израил Йемендин борборуна жана анын айланасына абадан сокку урганын билдирген. Булактын айтымында, аба соккулары Санадагы президенттик сарайдын жанындагы аскерий лагерге, электр станциясына жана мунай компаниясынын объектисине багытталган.
Израилдин Коргоо күчтөрү (ЦАХАЛ) Сана аймагындагы хуситтердин буталарына сокку урганын ырастады.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху соккулар “стратегиялык буталарга” тийгенин айтты.
“Аба күчтөрү бүгүн да Йемендеги стратегиялык буталарга чабуул жасады. Соккулар борбор Сананын борборундагы президенттик сарайды, шаардын электр станциясын жана аны камсыздаган күйүүчү май резервуарын бутага алды”, – деди Нетаньяху.
2023-жылдын аягынан тарта хуситтер Израилге жүздөгөн ракеталарды жана учкучсуз учуучу аппараттарды учурушкан. Алар мындай аракетин Газа секторунда жүрүп жаткан Израилдин аскердик операциясына каршы, палестин элине болгон тилектештик катары түшүндүрүшкөн. Бул чабуулдардын көбү ракетага каршы коргонуу системалары тарабынан тосулган, бирок Израил аймагына тийген учурлар да катталган.
Буга жооп катары Израиль Йемендеги хуситтерге каршы бир катар масштабдуу аба соккуларын жасап, хуситтердин объектилери — порттор, электр станциялар, заводдор жана Сана аэропорту бутага алынган.