Израилдин аскердик-саясий кабинети өткөргөн жыйында Газа тилкесине гуманитардык жардам жеткирүүнүн форматы жана анын бөлүштүрүлүшү боюнча маселелер каралып жатканда жаңжал чыкты.
12-каналдын сайты кабарлагандай, жыйында негизги маселе катары гуманитардык жардамды кантип кайрадан жеткирип баштоо жана анын ХАМАС уюмунун колуна өтүшүнө жол бербөө маселеси көтөрүлдү. Коргоо министри Исраэль Кац мурдагыдай жардам берилбей турганын билдирди.
«Бул ХАМАСты күчтөндүрөт. Жардамды ЦАХАЛдын жоокерлери же америкалык компаниялар бөлүштүрөт», — деди Кац.
ЦАХАЛдын Башкы штабынын башчысы Эяль Замир коргоо министринин сөзүнө жооп берип, «ЦАХАЛдын жоокерлери гуманитардык жардам бөлүштүрбөйт жана биз Газа тилкесин ачкачылыкка таштабайбыз», — деп билдирди.
Замирдин сөзү каржы министри Бецалель Смотричтин нааразычылыгын жаратты. Ал: «бардык урмат-сый менен айтканда, армия өз милдеттерин тандабайт», — деди.
«Биз максатты аныктадык, эми аны кандай аткарасыңар — силер чечкиле. Эгер аткара албасаңар, аткара турган адамды алып келебиз. Эгер кандай аткарууну билбесеңер — билгендерди табабыз», — деди министр.
Башкы штабдын башчысы мындай мамилеге такыр макул эместигин билдирди.
Акыры премьер-министр Биньямин Нетаньяху жыйынды жапты да, бардык сунуштар эске алынганын жана бейшембиде өтө турган кийинки жыйынга жооптор менен келүү керектигин айтты.