ИИР Коргоо министрлиги: Террорчуларга ар бир адамды өлтүргөндүгү үчүн 5000 доллардан төлөнгөн

Кечээ, 15-январда Ирандын коргоо министри, генерал Азиз Насир-заде брифингде Иранда эки жумага созулган башаламандыктар учурунда кармалган террорчулар менен козголоңчулардын суракка алынган учурунда белгилүү болгон жыйынтыктары боюнча маалымат берди.

Анын айтуусу боюнча, күч түзүмдөрүндө АКШ, Израиль жана алардын айрым союздаш өлкөлөрү сепаратисттик топторго жана террорчуларга [Ирандын] келечегин аныктоого жардам берүү үчүн атайын «Дискуссиялык борбор» түзгөнү тууралуу ишенимдүү чалгын маалыматы бар.

Алар атүгүл [Ирандын] ар бир бөлүнүп кеткен аймагы өзүнүн конституциясын жазышын пландаштырган жана курал-жарак аткезчилигин, каржылык жана материалдык-техникалык колдоону уюштурушкан.

Насир-заденин билдирүүсүндө: «Иранда башаламандык жаратуу үчүн алар региондогу өлкөлөрдүн биринде биргелешкен жолугушууларды өткөргөнү тууралуу чалгын маалыматы бар. Ал жерде АКШнын жана айрым Батыш өлкөлөрүнүн атайын кызматтары өз пландарын, анын ичинде каржылоону көбөйтүү маселесин сунушташкан», — деп айтылат.

Бул жолугушууда Иранда жасала турган кыйроолордун “баасы” да аныкталган:

  • ар бир адамды өлтүрүү — 500 млн туман (расмий курс боюнча 5000 АКШ доллары),
  • ар бир унааны өрттөө — 200 млн туман (2000 доллар),
  • полиция бөлүмдөрүн өрттөө — 80 млн туман (800 доллар),
  • вандализм актысы — 15 млн туман (150 доллар).

Ушуга байланыштуу мындай аракеттер үчүн 900 млн туман (9000 доллар) алган адам камакка алынган.

Буга чейин биз кармалгандардын биринин сурагы тартылган видеону жарыялаганбыз. Анда ал полиция кызматкерлерин өлтүргөнү үчүн ага 500 млн туман (5 млрд риал) төлөйбүз деп убада кылышканын, бирок болгону 10 млн туман гана берилгенин айткан.

Анын сөзү боюнча: «Iran International (Лондондо жайгашкан, фарсы тилиндеги британ телеканалы) аркылуу жалданган. Мен Iran International телеканалынын ирандык баракчасы аркылуу таанышкан аял мага белгилүү бир суммадагы акча сунуштап, мен макул болдум. Убадаланган 500 миллион тумандын ордуна болгону 10 миллион туман которушту, калганын төлөшкөн жок.

Ал нааразылык акциялары тууралуу айтып, Ирандын ичиндегилер катышуусу керек деди. “Сен катыш, биз сени каржылайбыз”, — деди. Алгач акча сунуштап, кийин протесттерге катышууну, ал эми айрым шарттарда ок атууга — элдин ичинде кысылып калган учурда полиция кызматкерлерине да атууга болорун айтты», — деп баяндаган ал.

Бүгүнкү күндө Иранда 1 АКШ долларынын мамлекеттик курсу 1 млн иран риалы, ал эми рыноктук (эркин) курс — 1,455 млн иран риалы.

Эске салсак, 2025-жылдын декабрь айынын аягында Иранда алгач тынч мүнөздөгү нааразылык акциялары башталган. Аларга мамлекеттик субсидияларга байланыштуу реформаларга жана улуттук валютанын арзандашына нааразы болгон соодагерлер чыккан.

Кийинчерээк аларга ар түрдүү радикалдык жана куралдуу топтор кошулуп, нааразылыкка чыккандарга да, полиция кызматкерлерине да кол сала башташкан. Эки тарапты тең чагымга салып, өлтүрүүлөр болгон. Натыйжада кырдаал башаламандыкка жана кагылышууларга айланган.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын январь айынын алгачкы эки жумасында башаламандыктардын кесепетинен 120дан ашуун адам (анын ичинде күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жана нааразылыкка чыккандар) каза болуп, 800дөн ашуун тынч жаран жана коопсуздук кызматкерлери жабыркаган. 10 миңден ашуун адам кармалган. Курман болгондордун жана жабыркагандардын саны өсүшү мүмкүн.

Кыйроолор жүздөгөн объектилерге тийген: Тегеранда 200гө жакын дүкөн180 тез жардам унаасы өрттөлгөн, 180 банкка кол салынган (алардын жарымы толук кыйратылган), ошондой эле 16 провинцияда 70тен ашуун мечитке кол салынган, алардын жарымы өрттөлүп, жарым-жартылай талкаланган. Өлкө боюнча ондогон мамлекеттик имараттар жабыркаган. Куралдуу акцияларга катышкандардан 1300дөн ашуун курал-жарак алынган.

Кыргызстандагы Иран элчилигинин билдирүүсү боюнча, алгач тынч мүнөздөгү демонстрациялар чет элдик көзөмөлчүлөрдүн, биринчи кезекте АКШ менен Израилдин кийлигишүүсүнөн улам зордук-зомбулукка айланган (МКК аркылуу, радикалдык топтор — «Моджахедин-е Халк» (ОМИН), күрд топтору, монархисттер колдонулган). Расмий Тегерандын пикиринде, алардын максаты — өлкөнү туруксуздаштыруу жана көчөлөрдө, ошондой эле күч түзүмдөрүнүн ичинде кагылышууларды козутуу.